Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагер устаттатардын жолугушуусу

Жалал-Абад  областынын Ноокен районунда «Эмгекти  коргоонун бир айлыгы» иш чараcыынын  алкагында 2024-жылдын 18-майында райондун  борборундагы Масы сейил багында ардагерлердин жолугушуусу болуп өттү.

Иш чарага  билим жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин Жалал-Абад  областтык  комитетинин укук жана эмгекти коргоо боюнча башкыи нспектору, “Кыргызстан Профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн” ардактуу  наамдын  ээси, 1974-жылдан  билим  берүү  тармагында, 1989-жылдан  2013-жылга чейин Ноокен райондук  комитеттин төрагасы кызматында  26 жыл үзүрлүү  эмгектенген  А.Айдаров,  Ноокен  райондук билим  берүү  бөлүмүнүн башкы адиси, 1980-жылдан  билим  берүү  тармагында, 1992-жылдан билим берүүб өлүмүндө үзүрлүү иштеп  жаткан, билим берүү жана илим кызматкелеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук  комитетинин президиумунун  мүчөсү  З.Усенов, “Кыргыз  Республикасында эмгек сиңирген мугалими”  ардактуу наамдын  ээси 28 жылдан ашуун мектептин директору болуп эмгектенген Т. Айтматова, мектептин баштапкы  кесиптик  уюмунда 30 жылдан  ашуун төрага болуп  шайланып иштеген “Кыргызстан  Профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн” ардак  наамынын  ээси К.Кандаралиев, Кыргыз  Республикасынын Президентинин  Ардак Грамотасынын ээси, волейбол  боюнча Кыргызстандын  бир нече  жолку  чемпиону, Кыргызстан   курама  командасынын мүчөсү, 30  жылдан  ашуун мектептин  директору болуп  эмгектенген  Т.Сарыбаев, Кыргыз  Республикасынын Президентинин  Ардак Грамотасынын ээси, Кочкор-Ата шаарынын  ардактуу  атуулу, “Кесиптик  билим  берүүнүн  мыктысы” төш  белгисинин  ээси, кесиптик  лицейди 25  жыл башкарган  А.Султаналиаев, Жогорку  Кеңештин Ардак Грамотасынын ээси, мектепте  25 жыл  директор болуп  иштеген Эркайым ажы эне Татыкулова, Ноокен  районунун  ардактуу  атуулу, мектепте 26 жыл директор  болуп  эмгектенген Б.Абсабыров, Кочкор-Ата шаарынын  ардактуу атуулу, Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча бир нече  жолку  чемпиону, Кыргызтандын курама командасынын мүчөсү, 26 жылдан ашуун мектепти  башкарган  К.Сапарбаев, райондук  билим берүү  бөлүмүнүндө  20 жылдан  бери иштеп  жаткан, башкы  экономисти, “финансы ишинин мыктысы” төш белгисинин ээси Г. Бекбаева катышты.

Жолугушууда А.Айдаров кесиптик  бирлик  уюмдарында учурда  журуп жаткан реформалар, “Эмгекти  коргоонун бир  айлыгы” тууралуу  кыска  маалымат берди.

Ардагерлер эмгекти баалоо,  стимулдаштыруу , мүчөлөргө камкордук  көрүү, эс  алууларды   уюштуруу багытында  ой пикирлерин, баалуу  сунуштарын билдиришип, билим  берүү тармагынын жана кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилеринин иштерине ийгиликтерди кааалашты.

Жолугушууга  катышкандардын  бардыгы “Билим  берүүнүн мыктысы”, “Кесиптик бирликтин  мыктысы”, “Билим  берүүнүн ардагери” төш   белгилеринин ээлери жана  “Айылдык өкмөттөрдүн ардактуу атуулдары” наамдарынын ээлери жана ардактуу ардагер-устаттар экени чоң сыймык.

 

Маалыматты  даярдаган: А.Айдаров, кесиптик  бирликтин  Жалал-Абад  областтык  комитетинин  инспектору