Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аймактык семинар ѳткѳрүлдү

Жай мезгилинде Ала-Бука районунун базасында Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмдарынын жетекчилери, райондук билим берүү бѳлүмдѳрүнүн кадрдык иштерди тейлеген адистер, мектеп директорлорунун ѳкүлдѳрү катышты.

     Семинардын ишин билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун тѳрагасы Мурзакматов Кубанычбек Сыргабаевич кириш сѳз сүйлѳѳ менен ачып, аталган семинарды ѳткѳрүүнүн максаттары жѳнүндѳ билдирүү жасады.

     Семинарда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы, Ала-Бука, Чаткал райкомдорунун баштапкы профсоюз уюмдарында уюштуруу-массалык, билим берүү уюмдарында эмгек мыйзамдарынын сакталышын кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ сѳз жүрдү.

     Алгач семинардагы башкы темалар боюнча обкомдун уюштуруу бѳлүмүнүн башчысы А.Бегматов кеӊири баяндама жасады.

     Андан кийин семинардын жүрүшүндѳ эркин микрофон уюштурулуп, катышуучулар кеӊири ой-пикир бѳлүштү.

     Райондордо жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Чаткал райкомунун тѳрагасы Ы.Кудайбердиев, Аксы райкомунун тѳрагасы А.Бабакулов, Ала-Бука райкомунун тѳрагасы Ж.Дурусалиевдер билдирүүлѳрдү жасашты. Талкууга алынган маселелер боюнча колго киргизилген алгылыктуу иштер менен бирге кѳйгѳйлѳр тууралуу да айтышты.

     Чаткал райондук билим берүү бѳлүмүнүн кадрлар боюнча башкы адис Р.Мамурбеков, Аксы райондук билим берүү бѳлүмүнүн кадрлар боюнча башкы адис Н.Тилекматовалар иш-тажрыйбаларын айтышып, ой бѳлүштү.

      Семинарда корутунду сѳзү менен обкомдун тѳрагасы К.Мурзакматов чыгып сүйлѳп, бардык деӊгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттерине кеӊири токтолду.

Обкомдун уюштуруу бѳлүмү.