Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата спорттук иш чара өткөрүлдү

     Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитети тарабынан  23-февраль  Ата Мекенди коргоо күнүнө карата  райондогу билим берүү уюмдарында эмгектеген билим берүү кызматкерлеринин  арасында волейбол оюну боюнча спорттук иш чара        22-февраль күнү өткөрүлдү. Спорттук  оюнга райондун билим берүү уюмдарында эмгектенген эркек мугалимдерден  8 команда катышып жыйынтыгында l орун  №2 Асан Абдраимов  атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектебинин  командасы,  ll орун Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин командасы, lll орун райондук спорт мектеби командасы ээледи. Жеӊүүчүлөргө билим берүү кызматкерлеринин  профсоюзунун райондук комитети тарабынан  диплом жана демөөрчүлөр  тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун

Тогуз-Торо райондук комитети