Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Борбордук Комитеттин Президиумунун Онлайн отуруму

2024-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин Президиумунун онлайн отуруму болуп өттү. Президиумдун онлайн отурумун КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А. Д. Султанбаев алып барды. Отурумдун ишине Президиумдун мүчөлөрү, кесиптик бирликтин Ош, Жалал-Абад, Баткен обкомдорунун, Талас, Чүй областтарынын райондук, шаардык комитеттеринин төрагалары катышышты.

Анын күн тартибинде кесиптик бирликтердин  алдыда турган маанилүү милдеттерин талаптагыдай ишке ашырууга, аткарууга багытталган төмөнкү маселелер каралды.

Анын күн тартибинде кесиптик бирликтердин  алдыда турган маанилүү милдеттерин талаптагыдай ишке ашырууга, аткарууга багытталган төмөнкү маселелер каралды:

    1. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети тарабынан жарыяланган “Эмгекти коргоо” боюнча бир айлыктын алкагында республиканын область, район жана шаарларында өткөрүлгөн семинар-жолугушуулардын жүрүшү жөнүндө.
    2. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Панфилов райондук комитетинин КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставдык талаптарын аткаруу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
    3. Кесиптик бирлик комитеттеринин жаңы шайланган төрагаларынын ыйгарым укуктарын бекитүү жөнүндө.
    4. “Билим берүү кызматкерлеринин эс алуусунун жаңы формаларын уюштуруу боюнча мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагын уюштуруу жана өткөрүү тартибинин Жобосун бекитүү жөнүндө.
    5. Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынынын сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө.
    6. Билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюштуруу жана “Кызыл гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунун сезонго карата даярдыгы жөнүндө.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Ош, Жалал-Абад, Баткен обкомдорунун, Нарын, Жети-Өгүз, Ысык-Ата райкомдорунун маалыматтары угулду. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети тарабынан жарыяланган “Эмгекти коргоо” боюнча бир айлыктын республиканын область, район жана шаарларында өткөрүлгөн семинар-жолугушуулар белгилүү деңгээлде жогорку уюшкандыкта өткөнү белгиленди. Бул маселени мындан ары да областтык жана райондук, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында жигердүү кубаттап, колдоого алынуу менен, күндөлүк ишке пайдалуу жана натыйжалуу улантуу айтылды. Натыйжада мындан ары карай бул ишти жыл аягына чейин облустук, райондук деңгээлде, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында өткөрүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө “Эмгек укуктарын коргоо” айлыгын райондук комитеттердин, билим берүү мекемелериндеги баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын деңгээлинде улантуунун маанилүүлүгү, кесиптик бирлик уюмдарынын биримдигин, катарын чыңдоо, билим берүү кызматкерлеринин, мугалимдердин, алардын балдарынын жайкы эс алууларын уюштуруу, аталган иштерде кесиптик бирлик уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруунун өзгөчө маанилүүлүгү, көйгөйлөрү айрыкча баса белгиленип, конкреттүү милдеттер аныкталды. Мында көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн айкын жол, максат-милдеттери белгиленди.

Ал эми күн тартибиндеги “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Панфилов райондук комитетинин “КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставдык талаптарын аткаруу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө” экинчи маселе ар тараптан кызуу талкууланды. Кесиптик бирликтин Панфилов райондук комитетинин төрайымы А. Абдраимованын маалыматы угулду. Ал райондук комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө далилдүү айтып берди. Ошондой болсо да, кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарынын катарын чыңдоо жаатында айрым кемчиликтер бар экени, аны четтетүү үчүн чечкиндүү чараларды көрүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Андан кийин “Билим берүү кызматкерлеринин эс алуусунун жаңы формаларын уюштуруу боюнча мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагын уюштуруу жана өткөрүү тартибинин Жобосу бекитилди. Бул багытта бардык кесиптик бирлик уюмдарынын активи аталган республикалык кароо-конкурсту уюшкандык менен, кайтарымдуу өткөрүүнүн бардык аракеттерин көрүүгө багыттамаланды.

Борбордук Комитеттин төрагасы А. Д. Султанбаев күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча ар тараптан жүйөлөнгөн, негиздүү тапшырмаларды берип, катуу талаптарды коюу менен, алдыда турган иштерди талаптагыдай, уюшкандыкта өткөрүүнүн өктөм зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Президиумга маселелерди даярдоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, ар бир маселе боюнча маалыматтардын президиум мүчөлөрүнө өз убагында алдын ала таратылып жеткирилүүсүнө өзгөчө көңүл буруп, Борбордук Комитеттин айрым кызматкерлерине оозеки эскертүүлөр берилди.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин Президиумунун онлайн отуруму күн тартибине коюлган ар бир маселе боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алуу менен, иштиктүү маанайда жыйынтыкталды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети