Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Өз ара пайдалуу семинар

Шамалдуу-Сай шаарчасындагы М.Фрунзе атындагы №8  орто мектептин базасында 2024-жыл 17-май күнү Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо” айлыгына карата семинар болду. Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул  райондору жана Таш-Көмүр, Майлу-Суу, Кара-Көл шаарларынан профсоюз комитеттеринин төрагалары жана мүчөлөрү менен баарлашуу өз ара пайдалуу өттү. Жолугушууга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин пленум мүчөлөрү, баштапкы уюмдун төрагалары, мектеп директорлору жана кесиптик бирликтин райондук комитеттин төрагалары катышты. Семинар эки жарым саатка созулуп, бүгүнкү күндө эмгекти коргоо  жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Наргиза  Тотоева, Н. Мамбетов мектебинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы