Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Улуу Жеңиштин урматына

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата тир атуу боюнча мелдеш өттү.

Мелдештин жыйынтыгында, 1-орунду Япон таануу институтунун директору А. Самаров, 2-орунду Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору У. Керимов, 3-орунду Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору С. Жумалиев ээледи.

Айымдар арасында 1-орунду Орус филология факультетинин деканы Н. Сегизбаева, 2-орунду М.Р. Рахимова атындагы кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Г. Усенгазиева багындырды. Жеңүүчүлөр диплом жана КМУнун кесиптик бирлик комитетинин баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлик комитети