Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Максатына жеткен жолугушуу

2024-жылдын 16-майында Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы кыргыз театрында “Эмгек укуктары” кербенинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

Эл аралык эмгек уюмунун демилгеси менен “28-апрель – Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү” деп  жарыяланып, ал эмгекчилердин коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулган күн катары белгиленип келүүдө.

Эл аралык уюмдардын чакырыгына тилектеш болгон Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети  бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнүн алкагында бардык деңгээлдеги кесиптик уюмдарда 2024-жылдын

28-апрелинен 28-майына чейин  “Эмгекти коргоо айлыгы” деп жарыяланды.

Ушул иш-чаранын алкагында курамына   Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А.Султанбаев,   Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу,   юридика илиминин кандидаты Качкын кызы Гульназ жана Ф.Эберт фондунун жетекчиси Филип Ян  кирген топ Жалал-Абад облусунун

 Жалал-Абад, Көк-Жаңгак  шаарларынын жана  Базар-Коргон, Ноокен, Сузак  райондорунун  билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын  кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууну билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы М.М.Примкулов ачып, алгачкы сөздү Борбордук Комитеттин төрагасы А.Султанбаевге берди.

Төрага өз сөзүндө “Эмгекти коргоо айлыгынын”  алкагында бүткүл республика боюнча кызматкерлердин эмгек, укук маселелериндеги  мыйзамдардын  сакталышы  боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында  Борбордук Комитет тарабынан “Эмгек укуктары” кербени уюшулгандыгына токтолду.

Кербендин жүрүшү 13-майдан 23-майга чейин бардык областтарда, район, шаарларда улана тургандыгын белгиледи. Филип Ян өз сөзүндө “Эмгекти коргоо айлыгынын” бүткүл дүйнөлүк маанисин ачык түшүндүрдү. Качкын кызы Гульназ маселенин юридикалык тарабына басым жасап, керектүү мыйзамдарга түшүнүк берди.

Андан кийин сөз, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик кызматкерлеринин район, шаардык комитеттеринин төрагаларына   берилди.

 Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков, Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев, Сузак райондук комитетинин төрагасы Н.Урайимов жүргүзүп жаткан иштери, кызматкерлердин укуктарынын сакталышы жана учурап туруучу көйгөйлөр жөнүндө кеңири сөз кылышты.

Ноокен районунан А.Мурзакулова, Базар –Коргон районунан Р.Токтогулов, Сузак районунан Ш.Исманова , Базар-Коргон районунан  Г.Эргешова, З.Адышова мектеп директорлору менен кесиптик уюмдун карым – катнашы, аны өркүндөтүүнүн жолдору 2 тараптуу келишимдердин, 3 тараптуу макулдашуулардын мазмунун тереңдетүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту.

 

Маалыматты даярдаган: А.Бегматов, кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин кызматкери