Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Кесиптик бирлик – эмгек укугун коргоонун кепили

2024-жылдын 13-майында Нарын шаарында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин "Эмгекти коргоо" боюнча жарыяланган бир айлыгынын алкагында "Кесиптик бирлик- билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, укуктук, социалдык -экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун кепилдиги!" аталышында семинар өттү.

Семинарга Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун жана Нарын шаарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары, кесиптик бирликтин активдери, билим жана илим кызматкерлеринин райондук, шаардык комитеттеринин төрагалары жана социалдык өнөктөштөр-райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору катышып жатышат.

Семинарда КР Билим жана илим кызматуерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Кулназарова Эльмира Досуевна, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Нарын райондук комитетинин төрагасы Курманкожоев Муканбеталы Жунушаливич сөз сүйлөшүп, маалыматтарды беришти.

Ат - Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Солтобаев Орозмамбет Таштанбекович социалдык өнөктөш катары билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик жана социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо жүргүзүп жаткан иштерине токтолуп өттү.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова, социалдык- экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Закиряева Назгул Эсеевна жана кесиптик бирликтин район, шаардык комитеттеринин төрагалары тарабынан семинардын катышуучуларынан берилген суроолоруна жоопторду беришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети