Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

«Эмгекти коргоо» айлыгы өтүүдө

2024- жылдын 17 майында Москва районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Чүй областынын Москва районунун Беловодск айылында " Эмгекти коргоонун" бир айлыгынын алкагында "Кесиптик бирлик - билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык - экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун кепили!" семинары болуп өтүүдө. Семинарга КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова, социалдык- экономикалык бөлүмүнүн башчысы  Н.Закиряева , Ж.Баласагын атындагы КУУ юридика факультетинин ага окутуучусу Г.Такырбашева,  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин Москва райондук комитетинин төрайымы Т.Эсенканова, Сокулук райондук комитетинин төрайымы А.Качкынбаева, Панфилов райондук комитетинин төрайымы А.Абдраимова, Жайыл райондук комитетинин төраймы Р.Бадачиева,  райондордун мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары,  мектеп жана мектепке  чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору катышты.

Социалдык өнөктөш катары Москва райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Ашырбаева жана Чүй областтык усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси А.Илебаева катышып, семинар-жолугушуунун катышуучуларга каалоо - тилектерин айтышты.

Семинардын катышуучуларына кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова  билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык- экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан аткарылып жаткан иштер  жөнүндө маалымат берилди.

Андан кийин Ж.Баласагын атындагы КУУ юридикалык факультетинин ага окутуучусу "Билим берүү кызматкерлеринин эмгектерин коргоо" жөнүндө маалыматы менен Г.Такырбашева семинар- жолугушуунун катышуучуларына тушундуруу иштерин жүргүздү.

Семинардын жүрүшүндө семинардын катышуучуларына Кыргызстандагы Ф.Эберт фонду тарабынан кызматкерлердин эмгектерин коргоо боюнча видеороликтери көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети