Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

«Эмгек укуктарын коргоо» айлыгы Таласта

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети жарыялаган «Эмгек укуктарын коргоо» бир айлыгы областтарда, шаар-райондордо уланууда. Талас шаарынын А.Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жыйындар залында 22-майда Талас областынын райондук, шаардык билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана Талас мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасынын катышуусу менен эмгек укугун коргоо маселелерине арналган семинар болуп өттү.

Иш чарага КР Президентинин Талас областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биничи орун басары Т.Эдилов, Талас райондук-шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары жана КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси, башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.Кадыркулов жана кесиптик бирликтин  Талас областтынын райондук, шаардык комитеттеринин төрагалары Н.Солпиев, Г.Осмоналиева, Д. Жумабеков жана Н. Дүйшенбиев катышты.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси Б.Кадыркулов Борбордук комитеттин төрагасы А.Султанбаевдин  демилгеси жана жетекчилиги менен Кыргызстандын бардык район, шаарларында өткөрүлүп жаткан «Эмгек укуктарын коргоо» айлыгынын маанисин жана максатын кеңири айтып берди. Эмгек укугун коргоо боюнча кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарынын областтык, райондук, шаардык комитеттеринин мыйзамдуу укук-милдеттерине токтолду.

Андан кийин КР Президентинин Талас областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Т.Эдилов билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын катышуусунда өткөрүлүп жаткан иш чара социалдык өнөктөш катары аткарылып жаткан иштер экенин баса белгилеп, семинардын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Андан кийин Б.Кадыркулов семинардын катышуучуларына эмгек укуктарын коргоо боюнча кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарынын областтык, райондук, шаардык комитеттеринин мыйзамдуу укук, милдеттерине жана КР Эмгек кодексинде жана ушуга байланыштуу башка Мыйзамдарда Билим берүү кызматкерлеринин эмгектик укугун коргоого, социалдык-экономикалык абалдарын жакшыртууга коомдук контролду жүзөгө ашыруу кесиптик бирликтердин негизги укук-милдети экенин баса белгиледи. Ушул милдетти ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик бийлик, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, рай/шаардык кесиптик бирлик комитеттери, айыл өкмөттөрү, билим берүү уюмдары жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары ортосундагы үч тараптуу келишимдерге жана макулдашууларга зор роль таандык экенин түшүндүрдү.

Ушундан улам үч тараптуу макулдашуулардын жана келишимдердин  аткарылышына кесиптик бирлик уюмдарынын коомдук контролун күчөтүүгө өзгөчө көңүлүн бурду. Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин жүргүзүп жаткан иштерине токтолуп, мугалимдерди жумалык жүктөмдөрүнүн 32,36 сааттка чейин көтөрүүгө болгон демилгесин, мектеп директорлорун конкурсттан өткөрүү боюнча жобосуна жеңилдетүүчү талаптарды киргизүүгө болгон аракеттерин жана мектептин мектептен жана класстан тышкаркы тарбиялык иштер боюнча уюштуруучулардын, балдар бакчаларынын директорлорунун эмгек акысын жогорулатуу боюнча  жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айтып берди. Борбордук комитетке келген арыз-кайрылуулардын көз жаздымда калбашы, кызматкерлердин укуктарын калыбына келтирүү боюнча конкреттүү мисалдарды келтирип, анын аткарылышы облрайшааркомдордун көзөмөлүндө болушун түшүндүрдү. Катышуучулардын берген суроолоруна ынанымдуу жооп берди. Мисалы, берген суроолордун ичинен окуу-тарбия иштеринен тышкары чарбалык иштерге тартуу, кызматкерлердин өргүүгө чыккан учурларында ремонт иштерин жүргүзүү эмгек укуктарын чектөө болуп саналарын белгиледи.

Аягында семинардын катышуучулары ушул иш чараны уюштуруп жаткан кесиптик бирликтин Борбордук комитетине ыраазычылык билдиришти. Мындай окуу-семинарларды, жыйындарды район, шаарлардын, мектептердин деңгээлинде дагы өткөрүп турууну суранышты. Ушуну менен Талас областында өткөрүлгөн окуу-семинары өз ишин аяктады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети