Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Эмгек укуктарын коргоо айлыгы Ош шаарында

«Эмгек укугун коргоо» айлыгы областтарда, шаар-райондордо уланып келе жатат. Бүгүн 20-майда Ош шаарында А.Новаи атындагы орто мектебинин жыйындар залында КР Билим жана илм кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан жарыяланган "Эмгек укуктарын коргоонун бир айлыгынын" алкагында шаардын билим берүү уюмдарынын жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын, жогорку окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынын катышуусу менен эмгек укугун коргоо маселелерине арналган семинар болуп өттү.

Бул иш чарага КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев, кесиптик бирликтин Ош областтык жана Ош шаардык комитеттеринин төрагалары С.Тойгонбаев жана А.Балтабаевдар катышышты.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев өз баяндамасында Борбордук комитеттин демилгеси жана жетекчилиги менен Кыргызстандын бардык район, шаарларында өткөрүлүп жаткан «Эмгек укугун коргоо» айлыгынын маанисин жана максатын кеңири айтып берди. Өз баяндамасында Эмгек укугун коргоо боюнча кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарынын областтык, райондук, шаардык комитеттеринин мыйзамдуу укук-милдеттерине токтолду.

КР Эмгек кодексинде жана ушуга байланыштуу башка Мыйзамдарда Билим берүү кызматкерлеринин Эмгек укугун коргоого, социалдык-экономикалык абалдарын жакшыртууга коомдук контролду жүзөгө ашыруу кесиптик бирликтердин негизги укук-милдети экендигин баса белгиледи. Мына ушул милдетти ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик бийлик, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, рай/шаардык кесиптик бирлик комитеттери, айыл өкмөттөрү, билим берүү уюмдары жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары ортосундагы үч тараптуу келишимдерге жана макулдашууларга зор роль таандык экендигин түшүндүрдү.

Ушундан улам үч тараптуу макулдашуулардын жана келишимдердин  аткарылышына кесиптик бирлик уюмдарынын коомдук контроль жүргүзүүгө көңүлүн бурду. Үч тараптуу келишимдерди түзүүдө кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо, социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча талаптардын киргизилишине кесиптик бирликтер өзгөчө көңүл буруусун белгиледи. А.Султанбаевдин сөзүнүн үчүнчү бөлүгүндө кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин жүргүзүп жаткан иштерин айтып берди. Борбордук комитетке келген арыз-кайрылуулардын көз жаздымда калбашы, кызматкерлердин укуктарын калыбына келтирүү боюнча конкреттүү мисалдарды келтирип, анын аткарылышы облрайшааркомдордун көзөмөлүндө болушун тапшырды. Катышуучулардын берген суроолоруна ынанымдуу жооп берди. Мисалы, берген суроолордун ичинен окуу-тарбия иштеринен тышкары чарбалык иштерге тартуу, кызматкерлердин өргүүгө чыккан учурларында ремонт иштерин жүргүзүү эмгек укуктарын чектөө болуп саналарын белгилешти.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридика институнун окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Качкын кызы Гүлназ иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы эмгек мамилелер туурасында түшүндүрмө берди.

Аягында семинардын катышуучулары ушул иш чараны уюштуруп жаткан кесиптик бирликтин Борбордук комитетине ыраазычылык билдиришти. Мындай окуу-семинарлар, жыйындарды район, шаарлардын, мектептердин деңгээлинде дагы өткөрүп турууну суранышты. Ушуну менен Ош шаарында өткөрүлгөн окуу-семинары өз ишин аяктады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети