Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимдердин республикалык спартакиадасы жыйынтыкталды

“Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясында КР Маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин спорт оюндарынын олимпиадалык түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясы тарабынан уюштурулган мугалимдердин республикалык спартакиадасы жыйынтыкталды. Спартакиадага республиканын дээрлик бардык район, шаарларынын жалпы орто билим берүү мектептеринин мугалимдери катышып, жогорку уюшкандыкта натыйжалуу өттү.

Билим берүү, спорт жаатындагы мамлекеттик органдар менен социалдык өнөктөштүк башталышында республикалык деңгээлдеги мындай массалык иш чараларды уюштурууга жигердүү көмөктөшүү – КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин кесиптик бирлик мүчөлөрү – мугалимдердин саламаттыгы үчүн кам көрүп, эс алууларын пайдалуу өткөрүү менен, сергек жашоо ыңгайын калыптандыруу максатындагы көп жылдардан бери иштиктүү уланып келе жаткан салттуу иштеринин бири.

Тармактык кесиптик бирлик быйыл дагы ушул салтты улантып, мугалимдердин республикалык спартакиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш чарасына жигердүү көмөгүн көрсөттү. Республикалык спартакиаданын башкы калысы, “Жаштык” дирекциясынын директору У. С. Асанбаев баштаган калыстар тобу тарабынан 1, 2, 3-орундарды ээлеген ышкыбоз-спортчулар аныкталган. Алар КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин Ардак Грамоталары, Ыраазылык Каттары сыйланышты.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин сыйлыктарын тапшыруу салтанатына Борбордук Комитеттин Аппарат жетекчи Б. М. Кадыркулов катышып, куттуктоо сөзүн айтып, жеңүүчүлөргө Борбордук Комитеттин сыйлыктарын тапшырды.

Спартакиада катышуучулары мугалимдердин аталган республикалык спартакиадасынын уюштуруучуларына жана жеңүүчүлөргө көрсөтүлгөн урмат-сыйга, чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыктарын билдиришти. Ошентип, мугалимдердин республикалык спартакиадасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети