Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

“КЫЗЫЛ ГВОЗДИКА” ЭШИГИН АЧТЫ. ЖАЙКЫ ЭС АЛУУ СЕЗОНУ БАШТАЛДЫ

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети республиканын жалпы билим берүү мектептеринде, мектепке чейинки мекемелеринде, жогорку окуу жайларында эмгектенишкен кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн – окутуучу-педагогдорунун, мугалимдердин, тармактын башка тейлөө кызматчыларынын жайкы эс алууларын талаптагыдай уюштурууга артыкчылыктуу маани берүү менен, бардык ыкчам уюштуруу иштерин жүзөгө ашырууда. Натыйжада, жайкы эс алуу учурунун башталышына карата кесиптик бирликтин Ысык-Көл областынын Тоң районунда жайгашкан “Кызыл гвоздика” ден соолукту чыңдоо борбору оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, эс алуучуларды кабыл алуу үчүн толук даярдыкка келтирилди.

Ошентип, республиканын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрүнүн “Кызыл гвоздикадагы” жайкы эс алуу 2024-жылдын 15-июнунда башталды. Биринчи агымда Аламүдүн районундагы билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрү – аталган райондун 80 мугалим, тарбиячы жана тейлөө кызматчылары эс алышты.

Эс алуучулар – мугалимдер үчүн кесиптик квалификациясын жогорулатууга да шарттар түзүлдү. Билим берүү академиясынын Мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу институту менен келишим түзүлүп, алар ага ылайык эс алуучу мугалимдер 72 сааттык атайын курстарды өткөрүшөт. Кийин атайын курс ар бир мугалим менен онлайн улантылат. Толук курс өтүлгөндөн кийин анын ар бир угуучусуна квалификациясын жогорулатканы тууралуу сертификат берилет. Эс алуу мына ушунусу менен дагы пайдалуу.

Эс алуунун жүрүшүндө мындан тышкары ар кыл кызыктуу маданий-агартуу иш-чаралары дагы кеңири каралган. Үч маал топуктуу, ары даамдуу аш болумдуу тамак-аш менен камсыз кылынган. Алып айтсак, аталган агымдын эс алуучулары Кажы-Сай айылындагы ысык сууга түшүп, Барскоон шаркыратмасына, Туз көлгө саякатка барып, ылай дарыларын алышып, кечкисин уюштурулган ыр-бий, оюн-зоок кечелерине катышып, абдан жагымдуу эс алышты.

Аламүдүн районунан келишкен алгачкы эс алуучулар – мугалимдер кесиптик бирликтин Борбордук Комитетине, ден соолукту чыңдоо борборунун эмгек жамаатына чын ыкластуу ыраазычылыктарын дагы билдиришүүдө.

Атайын белгилеп айта кетүүчү жагдай, “Кызыл гвоздика” ден соолукту чыңдоо борбору быйылкы жайкы эс алуу убагында 19 агым менен 1500-1700 эс алуучунун кабыл алууга шайма-шай даяр.

Мындан сырткары, КР Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн балдарынын, мектеп окуучуларынын жайкы эс алууларын уюштурууга дагы өзгөчө чоң көңүл бурууда. Бул максаттарда “Илим” эс алуу жайы менен тийешелүү келишимдер түзүлүүдө.

Борбордук Комитеттин Төрагасы А. Д. Султанбаевдин Чүй областынын райондук кесиптик бирилик уюмдарынын төрагалары менен өткөргөн жумушчу кеңешмеде аталган маселе ар тараптан талкууланып, дайындуу иш чаралар белгиленип, ыкчам чечүүнү талап кылган милдеттер аныкталды.

Ушундай жагымдуу жана иштиктүү маанайда башат алган республиканын билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуулары мыкты уюшкандыкта, ары үзүрлүү жана натыйжалуу өтөт деген чоң ишенич бар.

Жарык маанайда башталган жайкы эс алууңуздар көңүлдүү улансын, урматтуу кесиптештер!

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети