Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эс алууга жолдомолор

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек  шаардык комитети  тарабынан Бишкек шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик мүчөлөрүнө жайкы эс алууга карата жолдомолор берилүүдө.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин Президиумунун № 3-2 токтомунун негизинде,  2024-жылга карата Бишкек шаардык билим берүү уюмдарынын кесиптик бирлик мүчөлөрү үчүн жайкы эс алуу иш чарасын уюштуруу жана ден соолуктарын чыңдоо максатында 2024-жылдын 10-июнунан  тартып,  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек  шаардык комитети  тарабынан билим берүү кызматкерлерине жайкы эс алууга  жолдомолор бериле баштады.

Жолдомолор Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Октябрь жана Биринчи май райондук  мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин кесиптик бирлик мүчөлөрүнө график боюнча берилүүдө.

Эс алуучулар  3, 5 жана 10 күнгө чейин Ысык-Көл областынынын “ Санат”, “Манас-Ата”,  “Ден Соолук”, “Август” “Тамга” санаторийине жана “Тамга” туристтик эс алуу жайларында эс алышат.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети