Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

“ЭМГЕК УКУКТАРЫН КОРГОО” АЙЛЫГЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин демилгеси менен, 2024-жылдын 28-апрелинен тартып 28-майына чейин Билим берүү кызматкерлеринин «Эмгек укуктарын коргоо» боюнча атайын бир айлык жарыяланган. Айлыктын алкагында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А. Султанбаев жана жооптуу кызматкерлер, укук таануучу кесипкөй эксперттердин, эмгек укуктары боюнча окумуштуу-адистердин, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жигердүү катышуусунда республиканын жети областын, Бишкек, Ош шаарларынын жапырт кыдырып, социалдык өнөктөштөр – жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен окутуу-семинарларды, жыйналыштарды, жолгушууларды өткөрүп кайтышты.

Алып айтсак, республиканын борборунда, Ош, Жалал-Абад, Раззаков, Каракол, Нарын, Талас, Токмок, Балыкчы, Кара-Балта шаарларында, Беловодск жана Кочкордо айылдарында 16 окутуу-семинарлары, социалдык өнөктөштөр менен жолугушуулар болуп өттү. Аларга КР Президентинин Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, алардын орун басарлары, билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп жана мектепке чейинки уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары баштаган кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарынын, социалдык өнөктөштөрдүн 3000ден ашуун активисттери жана өкүлдөрү катышты. Окутуу-семинарлары, жыйындар “Кесиптик бирлик – билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун кепили!” деген темада болду.

Анткени, КР Эмгек кодексине, “Кесиптик бирликтер жөнүндө”, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндө” КР Мыйзамдарына ылайык, билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо кесиптик бирлик үчүн артыкчылыктуу башкы милдет болуп эсептелет. Учурда билим берүү жана илим мекемелеринде айлык маяналарын, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын төлөө, коопсуз эмгек шарттарын түзүү, окутуучу-мугалимдерге иш жүктөмдөрүн, сабак сааттарын бөлүштүрүү, жумушка алуу жана жумуштан бошотуу, эмгек өргүүлөрүнө чыгаруу, эмгек стаждарын эсептөө, материалдык жардам көрсөтүү, жумуш берүүчүлөр менен иштегендерди ортосундагы келишпестиктер, ж. б. жагдайларда ар түрдүү укук бузуу фактылары кездешпей койбойт.

Жолугушууларда билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик уюмдарынын ишин атаалган жааттарда жаңы шарттарга ылайык заманбап ыкма, усулдар менен байытуунун, профсоюздук кыймылды учур талабына шайкеш жандандыруунун көптөгөн көйгөйлөрү талдоого алынып, тажырыйба алмашуулар болуп, бир катар иштиктүү сунуштар ортого салынып, жакынкы арада аткарылуучу милдеттер аныкталды.

Билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарына, Билим берүү жана илим министрлигине, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, айыл өкмөттөрүнө бул багытта ар кандай милдет, вазийпалар жүктөлгөнү менен жалпы максат бир экени айдан ачык. Ал эгемен өлкөбүздүн илим-билиминин өнүгүүсү үчүн кам көрүү менен, эртеңки күндүн ээлерине терең билим, татыктуу таалим-тарбия берүү, окутуунун сапатын жакшыртуу, аны жүзөгө ашыруучулар – билим берүү кызматкерлеринин укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо жана кынтыксыз сактоо болуп саналат.

Жогору жакта айтылгандай бүтүндөй республиканы өзүнө камтыган мындай бийик деңгээлдеги окутуучу-семинарларды, социалдык өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүүнүн башкы максаты дагы мына ушул – билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана социалдык өнөктөштүктүн негизинде үч тараптуу, эки тараптуу макулдашууларды жана жамааттык келишимдерди сапаттуу, учур талабына ылайык ишке ашыруу болгон.

Ушул укук-милдеттерди жүзөгө ашыруу социалдык өнөктөштөр менен түзүлгөн үч тараптуу макулдашууларды, жамааттык келишимдерди талаптагыдай ишке ашырууну камсыз кылууга айрыкча маани берилди. Анткени Борбордук Комитеттин бардык аракеттери жыл башында КР Министрлер Кабинети, КР Иш берүүчүлөр Ассоцияциясы жана Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан түзүлгөн башкы макулдашууну натыйжалуу жүзөгө ашырууга багытталган. Мында 2024-жылдын 9-апрелинде кол коюлган КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин ортосунда тармактык эки тараптуу макулдашууну кынтыксыз аткарууга жетишүү жыл ичиндеги иштин негизги – артыкчылыктуу багыт, максаты экени талашсыз.

Адилеттүүлүк үчүн өлкөбүздүн көз крандысыздык жылдарынын аралыгында, республикада биринчи ирээт демилгеленип, колго алынган мындай иштиктүү иш чаранын өз максатына толук жетишилгенин өзгөчө канагаттануу менен белгилеп коюшубуз зарыл. Мында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин Аппарат жетекчиси-эмгекти коргоо инспектору Б. Кадыркуловдун, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э. Кулназарованын, социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н. Закиряеванын, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридика факультетинин улук окутуучусу Г. Такырбашеванын жана аталган факультеттин улук окутуучусу, юридика илиминин кандидаты Г. Качкын кызынын астейдил аракеттери алкоого аларлык болгонун дагы атайын белгилей кетүүбүз жөн.

Ушул жерде дагы бир атайын белгилей кетүүчү жагдай – мындан ары карай, жыл аягына чейин аталгандай окутуучу-семинарлар, кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштөр менен жолугушуулары областтык, райондук деңгээлдерде улантылып, баштапкы бирлик уюмдарында барып аяктаплып, жыйынтыкталмакчы.

Ошондой эле “жандоочу кийик аттырат” демекчи, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин бул демилгесинин – “Эмгектик укуктарды коргоо” айлыгынын алкагындагы окутуучу-семинарлардын, социалдык өнөктөштөр менен жолугушуп, пикир алмашып ой бөлүшүүлөрдүн ийгиликтүү ишке ашуусунда республикабыздагы Фридрих Эберт фондунун финансылык колдоосуна, фонддун координатору Филипп Ян мырзанын жеке ынтызарлыгына терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети