Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

“Эмгек укуктары ” аталышында семинар болуп өттү

И.Арабаев атындагы КМУда “Эмгек укуктары ” аталышында семинар өттү. Иш-чарага Борбордук комитеттин аппарат жетекчиси Бедил Кадыркулов, КМУнун укуктук иштер бөлүмүнүн юристи А.Ургалиева, КМУнун бириккен кесиптик бирлигин төрагасы Назар Догдурбек жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Семинардын жүрүшүндө Борбордук комитеттин аппарат жетекчиси Бедил Кадыркулов билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-эконмикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодогу кесиптик бирлик уюмдарынын эмгек укугун коргоо башкы милдеттери экендигин белгилеп, билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун коргоого, коопсуз иш шарттарын камсыз кылууга көңүл бурууга чакырды.

КМУнун укуктук иштер бөлүмүнүн юристи А.Ургалиева профессордук-окутуучулук курамынын жана кызматкерлердин эмгек, укук маселелериндеги мыйзамдардын сакталышы боюнча маалымат берди.

КМУнун бириккен кесиптик бирлигин төрагасы Назар Догдурбек, университеттин жамааттык келишиминдеги эмгек укуктарын коргоо жана иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек мамилелери жөнүндө маалымат берип, кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Белилей кетсек, КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин токтомуна ылайык 2024-жылдын 28-апрелинен 28-майга чейин “Эмгекти коргоо айлыгы” жарыяланган.

 

Маалыматты даярдаган: КМУ кесиптик бирлик комитети