Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Бишкек шаардык комитеттин Президиуму

2024-жылдын 10-июнунда билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек  шаардык комитетинин  Президиуму болуп өттү. 

   

Президиумду  билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек  шаардык комитетинин төрагасы Т.О.Бараханов алып барып, ага президиумдун 11   мүчөcү  Т.Ю.Роткина, А.А.Давлетова,  Л.И.Абдужалиева, Ч.М.Джунушева, Г.А.Мусиева, Р.Н.Сулейманкулова, А.Д.Эрмекова, А.У.Сыдыков Ю.А.Попенко жана С.К.Калыгулов катышышты.

Күн тартибинде кесиптик бирликтердин  алдыда турган маанилүү милдеттерин талаптагыдай ишке ашырууга, багытталган төмөнкү маселелер каралды:

  1. Уюштуруу маселелери.
  2. Тармактын кызматкерлери үчүн 2024-жылга карата жай мезгилинде эс алуу уюштуруу жөнүндө.
  3. Бишкек шаарынын Октябрь жана Биринчи Май райондорунун билим берүү борборлорунда  1% уставдык кесиптик бирлик төгүмдөрүн эсептөөнүн, жайкы мезгилде жолдомолорду максаттуу сатып алууга багытталган 0,5% кошумча чегерүүлөрдүн тууралыгы, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарды эсептөөнүн тууралыгы жөнүндө.              
  4. 2023-2024-жылдары тармактын  кызматкерлеринен келип түшкөн каттарына, арыздарына, даттанууларына жана оозеки кайрылууларына, ошондой эле Бишкек шаардык комитетинин,  жогорку  уюмдарга кайрылууларына талдоо жүргүзүү жөнүндө.
  5. Өткөрүлгөн окутуу семинарлары жөнүндө маалымат:

-Шаардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын АЧБ боюнча орун басарларын эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча;

- Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жаңы шайланган төрагаларына уюштуруу иштери боюнча.

  1. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин бюджеттик сметасын бекитүү жөнүндө.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Бишкек шаардык   комитетинин социалдык маселелер боюнча сектордун башчысы Р.М.Карабашованын маалыматы угулуп, 2024-жылдын жай мезгилинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин эс алууга жана ден соолуктарын чыңдоого даярдоо жөнүндө киргизилген сунуштарды карап чыгуу маселелери талкууланды.

Отурумдун жүрүшүндө Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек, социалдык жана укуктук кепилдиктерин жөнгө салуу, эмгек укуктарын коргоо, эмгек акы төлөөнү жөнгө салуу, дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жана  социалдык өнөктөштүктү чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери да каралды.

Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Т.О.Бараханов күн тартибиндеги каралган бардык маселелерди талаптагыдай аткаруу менен,  алдыда турган иштерди уюшкандыкта өткөрүүнү жана ар бир маселе боюнча жоопкерчиликтүү мамиле кылууну баса белгиледи.

Соңунда, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин отурумундагы коюлган ар бир маселе боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети