Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

А. СУЛТАНБАЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КОЛЛЕГИЯ МҮЧӨСҮ БОЛУП БЕКИЛДИ

Үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кезектеги коллегиясы болуп өттү. Анда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Султанбаев Абдыкадыр Дарданович Билим берүү жана илим министрлигинин коллегия мүчөсү болуп бекитилди.
Натыйжада, мындан ары карай министрлик менен тармактык кесиптик бирликтин ортосундагы социалдык өнөктөштүк жаатында түзүлгөн тармактык келишимдин талаптарын министрлик менен Борбордук Комитет өз убагында жана толук сапаттуу ишке ашуусуна карай ыңгайлуу шарт түзүлүп, сапаттык жаңы кадам жасалды. Тармактык кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин аброюу артып, республиканын билим берүү, илим жаатында эмгектенишкен кесиптик бирлик мүчөлөрү – педагог-кызматкерлердин эмгек укуктарын жана социалдык-экономикалык абалын жакшыртуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети