Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Суроо-жооптор

Если у Вас возникли проблемы с чтением кода, нажмите на картинку с кодом для нового кода.
В начало | Предыдущие | Комментарии с 1131 по 1140 из 1333 | Следующие | В конец
Зулайка
Комментарий
Эмгек оргуу
#1131 Дата: 30.07.14, 03:19:39
Саламатсыздарбы,биздин сурообуз борборлоштурулган бухгалтериянын бухгалтерлери канча кунго отпускага чыгышат, эгер мумкун болсо мисал катары корсотуп берсениздер

Oтвeт:
Кымбаттуу Зулайка, КР Эмгек Кодексинин 117-статьясынын негизинде борбордоштурулган бухгалтериялардын кызматкерлерине ар жылдык акы төлөнүүчү негизги өргүү 28 календардык күнгө берилет. Ал эми узартылган негизги өргүү билим берүү, медицина тармагындагыларга жана мамлекеттик кызматкерлерге гана берилет.
Айгyл
Комментарий
Декреттик отпyска
#1132 Дата: 25.07.14, 16:30:54
Саламатсыздарбы?декреттик отпyсканын он кyндyгyн администрация толош керекпи?биздин мектепте эч бир аял алган эмес менин он кyндyгyмдy расчетный бyгалтер озy окшоштyрyп кол койyп алган.

Oтвeт:
Айгуль, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кызматкерге иш берүүчү (эмгек китепчеси анда турган) менен эмгек келишими түзүлгөн негизги иштеген жери боюнча дайындалат жана төмөндөгүдөй тартипте төлөнөт:
- алгачкы он жумуш күнү үчүн айына эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө иш берүүчүнүн өзүнүн каражатынын эсебинен (кирешенин же эмгек акы фондунун эсебинен);
- он биринчи жумуш күндөн тартып 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1000 сомдон);
- бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда туруктуу жашаган жана иштеген адамдарга эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө бардык жумушчу күндөр үчүн.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар алгачкы он жумушчу күн үчүн кызматкердин негизги иштеген жери боюнча анын иш жүзүндөгү эмгек акысынан (кирешесинен) эсептелет жана эсептелген иш жүзүндөгү эмгек акынын суммасына эмгек акынын бардык түрлөрү, анын ичинде салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кармаганга чейин эсептелген акы киргизилет.
Иш берүүчүнүн өз каражаттары (кирешесинин же эмгек акы фондунун) алгачкы он жумуш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөөнүн булагы болуп эсептелет, ал эми он биринчи жумушчу күнүнөн тартып жөлөкпул республикалык бюджеттен төлөнөт.
Ал эми, Сиздер баяндагандай “расчетный бухгалтердин кол коюп койгодугу” тууралу маселени атайын тергөө уюмдары гана териштириши керек.
Самат
Комментарий
cырттан окугандарга социалдык жардам
#1133 Дата: 18.07.14, 08:08:15
сырттан окуган студент мугалимдерге айыл окмоту кайсы нормативдик актынын негизинде контракт акысын толоп бериши керек?

Oтвeт:
Сырттан окуган студент мугалимге Айыл Өкмөтү окуунун акысын жергиликтүү бюджеттин каражат мүмкүнчүлүгүнө жараша жергиликтүү документтердин, мисалы, Айылдык Кеңештин отурумунун чечиминин негизинде төлөп бере алат.
elvira
Комментарий
Отпуск
#1134 Дата: 16.07.14, 05:03:39
Здравствуйте я работаю в централизованной бухгалтерии я выхожу на отпуск у меня за последние 3 месяца есть больничные листы.. Месяца с б\л отбрасываются или считаются как есть?

Oтвeт:
Отпускные работнику расчитываются с учетом полных тех рабочих месяцев, т.е как Вы и говорите, месяцы в которых были больничные листы в этом случае не учитываются.
Татьяна
Комментарий
Трудовая дисциплина
#1135 Дата: 13.07.14, 09:32:19
Здравствуйте! Я нахожусь в отпуске по уходу за ребенком до 1,5 лет. Выйти на работу я планировала раньше указанного срока, однако директор школы отказала мне в этом и убедила написать заявление на предоставление ежегодного оплачиваемого отпуска с 17 июля этого года до 1 сентября, при этом обязала меня до выхода на работу разработать учебные программы по предметам и кружкам(не предоставив старые рабочие программы и учебники), добавив что учебные пособия я должна приобрести за свой счет. Правомерны ли слова директора и как мне поступить в данной ситуации?Заранее большое спасибо!

Oтвeт:
По трудовому законодательству республики работнику возвратившемуся из отпуска по уходу за ребенком без содержания оплачиваемый трудовой отпуск не положен.
Если Вы имели право выйти в трудовой отпуск и дали согласие на разработку учебных программ, то это Ваше сугубо личное дело.
Азамат
Комментарий
отпускной
#1136 Дата: 12.07.14, 16:19:37
Саламатсыздарбы.менин суроом томонкудой 2014 жылда берилуучу отпускнойдун 70%н берип калганын август айында аласынар дейт ушундай болушу мункунбу эгер болсо эмненин негизинде.бул маселе боюнча кайсыл органга же кимге кайрылсам болот.Алдын ала чон рахмат.жоопсуз калтырбайсыздар деп ишенем

Oтвeт:
КР Эмгек мыйзамдарынын негизинде Сиз эмгек өргүүсү үчүн төлөмдөрдү толугу менен албагандыктан эмгек өргүүгө чыкпай дагы коюшуңуз мүмкүн эле.
кайрат
Комментарий
особые условия труда
#1137 Дата: 07.07.14, 10:48:31
работаю на руднике кумтор стропольщиком, является ли
данная работа - РАБОТОЙ В ОСОБЫХ УСЛОВИЯХ ТРУДА. Если да, то на основании каких законов это подтверждается

Oтвeт:
Уважаемый читатель, к сожалению, за ответом на данный вопрос Вы должны обратиться в горно- металлургический профсоюз.
Асырет
Комментарий
иш сапар
#1138 Дата: 03.07.14, 04:33:54
Саламатсыздарбы?
Иш сапарга чыкканда кандайча толонуп берилет. Мисалы иш сапарга 1-июлда кетип 2-июльда келсем 1 кунго эле суточный толоп жатат. ушул туурабы. Алдын ала рахмат

Oтвeт:
Урматуу окурман, Сизге 1- июлдан 2- июлга чейин иш сапарга баргандыңыз үчүн 1 күндүк суточный төлөнгөнү туура, анткени бул аралык болгону 1 сутканы гана түзөт.
КР чегинде кызматкерлерди командировкага жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй нормалары белгиленген:
- суткалык акы төлөө - республиканын региондорунда командировкада болуунун ар бир күнүнө 250 сом; Бишкек шаарында - 300 сом;
- турак жайды ижаралоо боюнча акы төлөө - тиешелүү документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча. Ырастоочу документтер жок болгон учурда турак жайды ижаралоо боюнча акы төлөө чыгымдар суткалык чыгымдардын нормасынан 50 процент өлчөмүндө кайтарылат;
- командировка өтүүчү жерге чейин жана кайра кайтуу жол кире чыгымдардын, анын ичинде аталган чыгымдарды тиешелүү документтер менен ырастоо менен транспорттогу жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн ордун толтуруу иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча жүргүзүлөт. Билеттер жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдар КР Өкмөтүнүн 26.08.2008 №471 токтомунун
N 1 тиркемесине ылайык кайтарылат.
Гость
Комментарий
торот учун оргууго чыгуу тууралуу
#1139 Дата: 02.07.14, 09:59:46
мен жумушка кабыл алынганыма 7 ай болду. Мен торот учун оргууго чыгышым керек. Мага оргуу учун болгон жолок пул толоп берет

Oтвeт:
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин негизинде Сиз болгону 7гана ай иштегениңизге карабастан кош-бойлуулук жана төрөт боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын, демек, буга байланыштуу жөлөкпулду алууга укутуусуз.
Орозали
Комментарий
трудовой спор
#1140 Дата: 01.07.14, 06:41:57
меня уволили п3.ст83 ТК КР при этом ни медицинского обследования, ни атестатции не проводилось. основная причина руководство сменилось, а новому руководителю не понравилось мое поведение. Насколько это законно

Oтвeт:
На основании трудового законодательства республики при смене собственника работодатель не имеет право увольнять работника, тем более на основании Вашего поведения.
В начало | Предыдущие | Комментарии с 1131 по 1140 из 1333 | Следующие | В конец