Каныбек
#1122 Дата: 24.08.14, 09:03:52
Oтвeт:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун 31.12.2013-жылындагы №720 токтомуна ылайык жаныдан жумушка кабыл алынып жаткан кызматкердин билими соссуз турдо педагогикалык болуш керек, бирок, бул токтом, буга чейин иштеп жаткан мугалимдерге таасирин тийгибейт. Демек,эгерде Сиз азыркы учурда ишинизди ошол эле мектепте улантып жаткан болсонуз анда эмгек акыныз мурдагыдай эле эсептелиниши керек.
Айгyл
#1123 Дата: 17.08.14, 18:00:54
Oтвeт:
Сиз, эмгек оргуудо жургон учурда мектептин коомдук ишине катышкан жоксуз деп, сага стимулдаштыруучу эмгек акы толонбойт деп директордун айтуусу мыйзамга туура келбейт. Эмгек оргуу мезгилинде стимул акча толонбойт, экинчиден эмгек оргуу мезгилинде кош бойлуу болбосонуз деле сизди жумушка тартууга болбойт. Сизди жумушка тартуу учун, жазуу жузундогу макулдугунуз менен оргуудон чакыртып алуу боюнча буйрук чыгаруу керек болчу.
Анара
#1124 Дата: 15.08.14, 18:12:07
Oтвeт:
Жооп: Эмгек оргуулордун узактыгы кызматкердин ошол уюмда канча ставкада иштегендигине коз каранды эмес. Лобаранттык кызматы учун 28 кун, ал эми сабак беруусуно 56 календарлык кунго оргууго чыгат, бирок эки оргуу бир мезгилде берилип, 28 кун оргуу буткондон кийин жумушка чыгышы керек.
чынара
#1125 Дата: 15.08.14, 08:48:35
Oтвeт:
Сиздин 2014-жыл учун эмгек оргуунузду ЭКнин 126-беренесинин биринчи пунктуна ылайык декреттик оргуунун алдында же болбосо декреттик оргуу буткондон кийин алганга укугунуз бар.
чынара
#1126 Дата: 14.08.14, 07:59:44
Oтвeт:
Урматуу окурман, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык кызматкер кош- бойлуулук жана торот боюнча оргууну негизги эмгек оргууго чейин же андан кийин алганга толук укугу бар
наргиза
#1127 Дата: 14.08.14, 07:49:16
Oтвeт:
Окурман Сиз суроонузду мамлекеттик кызматкерлердин профсоюзуна жолдонузду сунуштайбыз.
Перизат
#1128 Дата: 02.08.14, 06:22:52
Oтвeт:
Перизат, бала бакчага жумушка Сизди буйруктун (приказдын) негизинде ишке алышты, буйрук чыккан күндөн баштап “жумушчу(Сиз) жана жумуш берүүчү тарап (бала-бакча)”экөөңөрдүн ортоңордо “эмгек мамилелери” түзүлгөн болуп эсептелет.
Демек, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин негизинде эмгек мамилелеринде турган баардык кызматкерлер убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча(больничный) жөлөкпул алууга акысы бар, бул Сиздин жарандык укугуңуз.

#1129 Дата: 02.08.14, 06:14:26
Oтвeт:
Бүгүнкү күнү “Эл агартуунун отличниги” наамы үчүн эч кандай кошумча акы төлөнбөйт, бул сыйлык эл агартуу кызматкерлерине материалдык жактан эмес, моралдык жактан гана дем берүүгө багытталган.
эльвира
#1130 Дата: 30.07.14, 09:08:08
Oтвeт:
Урматуу окурман, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 126-статьясынын негизинде кызматкерге иштегенинин биринчи жылында эмгек өргүү ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо гана берилет.
Бирок, бул эреже педагогикалык кызматкерлерге (мугалимдерге) тиешелүү эмес, анткени, мугалимдердин иш өзгөчөлүктөрүнө жараша аларга эмгек өргүүлөрү алардын накталай иштеген күндөрүнө жараша окуучулардын эс алуу (каникул) учурунда гана берилет.
Сиз, окурман, тилекке каршы кайсыл жерде иштеериңизди так жазган эмессиз, өзүнүз жөнүндө тагыраак маалымат берсеңиз жооп дагы өтө так болмок.

#1121 Дата: 25.08.14, 17:44:14
Oтвeт: