Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Суроо-жооптор

Если у Вас возникли проблемы с чтением кода, нажмите на картинку с кодом для нового кода.
В начало | Предыдущие | Комментарии с 1021 по 1030 из 1333 | Следующие | В конец
мектеп мугалимдери
Комментарий
Суроо дем беруучу эмгек акы жонундо
#1021 Дата: 23.03.15, 14:33:41
Дем беруучу эмгек акынын фондун
1)10%стимгрант
2) кварталдык экономия
3) оптимизациядан ажыратылган каражаттар
тузоору жана ал квартал сайын ЭККне жараша дем беруучу эмгек акы катары толоноору баарыбызга белгилуу. Бирок биздин райондо ар бир кварталда дем беруучу эмгек акыны уч айлык чегерилген жалпы суммадан 10%стимгрантты эле алып ЭКК негизинде болуштуруп берип жатат. Анда мугалимдер мисалы, январьда 25 иш кун, февральда 23 иш кун, мартта 24 иш кун иштеп саатына жараша айлык албастан ар айда бирдей эле суммадагы маяна алып иштесе болбойбу? Биздин райондун экономисти экономдолгон каражаттарды эсептебей жатат (ал эми оптимизацияны ойлобой эле койгула дейт). Жардам берип койсонуздар, алдын ала ыраазычылык билдиребиз. Сиздерден келген жоопту чыдамсыздык менен кытобуз

Oтвeт:
Дем беруучу акы Сиз белгилегендей ар бир айда иштеген (фактически) сааттарынызга толонот, сааттардан уномдолгон каражаттар дем беруучу акыга кошумча катары толонбойт

Жооп берген: Ниязбеков К.Н.
Куба
Комментарий
Re: Вопросы и ответы
#1022 Дата: 17.03.15, 05:21:29
Саламатсызбы? Мен мектепте сабак берем, магистратураны бутургон элем магистр даражасына айлык акыма кошулабы? кошулса канча кошулат? рахмат.

Oтвeт:
Сиз магистратураны бутурсонуз ар бир саатынызга 50 сомдон толонот. КРнын Окмотунун 31.05.2011 №270 токтому менен бекиткен нускаманын 1-тиркемесине ылайык

Жооп берген: Ниязбеков К.Н.
руслан
Комментарий
стаж
#1023 Дата: 12.03.15, 14:13:18
Саламатсынарбы? Менин суроом томонкудой, пед.училищада окуган убакыт стажга кошулабы? Эгер кошулса пед.стажгабы же общий стажгабы?Алдын-ала чон рахмат.

Oтвeт:
Эгерде пед училищада окугандан мурун 1 жыл иштесениз педстажга кошулат, андай болбосо жалпы стажга кошулат.
Бакыт
Комментарий
О составе профкомитета
#1024 Дата: 10.03.15, 11:57:31
Имеет ли право быть членом профкомитета завхоз школы, и второе - председатель ревизионной комиссии, может ли быть он одновременно членом профкомитета?

Oтвeт:
В соответствии с отраслевым Уставом члены ревизионной комиссии (в т.ч. и председатель) не должны входить в состав профкома, т.к. ревкомиссия является контролирующим профком органом.
Завхоз может быть избран в состав профкома школы, т.к. не является административной должностью. В том случае, если должность называется заместитель по хозяйственной части, то как администрация школы не может быть председателем профкома.
индира
Комментарий
повар
#1025 Дата: 06.03.15, 18:00:14
саламатсызбы.
1. биздин бала бакчада жаш тарбиячы иштейт озу экономическийди буткон. колледжде 3 жылдай мугалим болуп иштеген. 01.09.2014 жылдан бери бала бакчада иштеп жатат. колуна алган айлыгы 3,500 сом. анын айлыгы кандай эсептелинет?

2. ЖОЖдо очно окуган жылдар стажга киреби? ал эми сырттан окуса, стажга киреби?

3. айлыктарыбыздан профсоюзга акча которулат. ошол акчаларыбыз эмнеге жумшалгандыгы тууралуу
распечатканы профсоюздун бухгалтериясынан талап кылсак болобу?

4. поварларга "за вредность" жаны окуу жылдын жаны сметасына киргизилип толонобу же мурдатан бери толонбогон акчалары перерасчет болобу?мисалы поварлар 01.04.2013 жылдан бери иштеп келе жатышат.

Oтвeт:
Саламатчылык
1. Кыргыз билим берүү академиясында окуп келгенде диплом алса, анда билимине ылайык эмгек акысы жогоруламак. Сертификат алса, анда айлыгы ѳзгѳрүүсүз калат.
жооп берген: Ниязбеков К.Н.

2. ЖОЖдо окуган жылдар эмгек стажыга, згерде сиз ЖОЖду 1999жылга чейин буткон болсонуз, анда окуган жылдар эч кандай шартка карабастан эмгек стажына кирет. Эгерде сиз 1999-жылдан кийин ЖОЖдо окуган болсонуз, окуган жылдарга соц фондго камсыздандыруу акыларды толоп жургон болсонуз гана эмгек стажына кирет.Ал эми окуп жургон жылдарды пед стажга киргизуу учун, згерде ЖОЖго окуугу киргенге чейин же буткондон кийин педагогикалык жумушта иштеген болсонуз, андай учуржа пед.стажга кошулат.
жооп берен: Кадыркулов Б.М.

3. Финансы болумунун башчысы Абикова Н.К. жакын арада жооп берет же 62-57-59 номерине чалыныз.

4. Директор комиссия түзөт. Комиссия сиздин зыяндуу шарттарда иштегениз тууралуу акт түзөт. Акт негизинде Кыргыз республикасынын 25.03.2002-жылдагы №161 токтому менен бекитилген тиркеме ылайык директор буйрук менен кошумча эмгек акы тѳлѳѳ боюнча бухгалтерияга тапшырат, милдеттендирет. Бухгалтерия буйрукту алгандан, кийин тарифкация түзүлүп, сметага киргизилет. Эгер буга чейин тарифкацияда жок болсо, анда тѳлѳнбѳйт.

жооп берген: Ниязбеков К.Н.
фарида
Комментарий
Re: Вопросы и ответы
#1026 Дата: 04.03.15, 09:00:03
2012-2013-окуу жылында айлыктар айыл окмотторунон берилип турган мезгилде экономиянын эсебинен,аскерге чейинки даярдык сабагынан 2-жарым жылдыкта балдардан кыздарды болуп,кыздарга мугалим эжей ,тарификацияланып сабак берген.Азыр ревизор келип кайсыл буйруктун негизинде толодун,буйругунду алып кел деп жатат.КАнтип толонушу керек эле.Сураныч тушундуруп берсениздер.

Oтвeт:
Суроонуз тушунуксуз болуп жатат. 2-жарым жлылдыкта кыздарды болуп кайсы сабакты бергендигин так жазуу керек. Ансыз толук жооп бере албайбыз. Телефон чалып тагыраак тушундурмо бериниз. 62-57-29
Жооп берген: Кадыркулов Б.М.
Дилбара
Комментарий
кызматка кабыл алуу
#1027 Дата: 26.02.15, 10:24:45
мектептин директору ден соолугуна байланыштуу эмгек оргуусуно чыккан. Мен мектепте завуч болуп иштейм.Азыр мектеп диреторунун милдетин аткарып жатам. МЕн бухгалтерди кызматтан бошотуп кайра ордуна кызматка башка киши алсам болобу?

Oтвeт:
Сиз Эмгек Кодексинин 167-статьясы менен райондук/шаардык билим беруу болумунун атайын буйругу аркылуу директордун милдетин аткаруучу болуп иштегениниз учун кошумча толом аласыз 30 % кем эмес, ушу менен бирге Сизге Директордун милдетин аткаруу укугу берилген сон, бухгалтерди бошотуп башкасын ишке ала аласыз. Бирок бухгалтерди бошотууда НЕГИЗ болушу керек, негизсиз бошотууга укугунуз жок.
Жылдыз
Комментарий
Re: Вопросы и ответы
#1028 Дата: 20.02.15, 03:57:57
Директор ооруп ооруканада жатат,анын кызматын окуу болумунун башчысы же директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары же соцпедагог аткарып турса,анын кызматты аткарып тургандыгы учун директордун кызмат акысы толонобу? Эгерде жонокой мугалим аткарып турсачы?

Oтвeт:
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 167 - беренесине ылайык директорлук кызматынын айлык акысынын 30 % кем эмес акча толонуп берилиши керек.
Асылкул
Комментарий
Т Эмгек китепчесине жазуу
#1029 Дата: 17.02.15, 08:25:14
Тарбиячыларды 0.5 ставкадан 1 ставкага которуу
эмгек китепчесине жазылабы? Же буйрук китепчесине жазылабы?

Oтвeт:
Тарбиячыны жумушка алып аткан учурда (0,5 ставкага) буйрук чыгарылып, анан эмгек китепчеге жазылат. Ал эми 1 ставкага жогорулатууда, кайрадан буйрук чыгарылып буйрук китепчеге жазылышы керек.
Беганова Гулбарчын
Комментарий
эмгек оргуу
#1030 Дата: 17.02.15, 03:39:47
саламатсыздарбы мен Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынан Шаардык стоматологиялык эмканада инспектор отдел кадр кызматында иштейм менин суроом томонкудой: мендеги кызматкер улуу мээрбан айым 1айлык эмгек оргууго кеткен аны 10кундон кийин ишке чакыртып алышты эми ошого буйрук чыгарышым керек кенеш беруунузду суранамын! алдын ала чон рахмат

Oтвeт:
Урматтуу Гулбарчын, Сиз бул суроонуз боюнча саламаттыкты сактоо профсоюзуна кайрылыныз.
Кабылдамасынын телефон номери:62 57 33 Социалдык коргоо болуму: 61 32 33
В начало | Предыдущие | Комментарии с 1021 по 1030 из 1333 | Следующие | В конец