Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан сыйлыктар берилди

Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамын жана жалпы кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. 19-октябрь Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата коомдук жана профсоюздук иштерге активдүү катышкандарга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин "Билим, илим профсоюзунун мыктысы" төш белгиси менен 2 мугалимди, ошондой эле Борбордук комитеттин Ардак грамотасы менен 3 мугалимди, Ош областтык жана ОшМУнун кесиптик бирлигинин “Ардак грамотасы” менен жалпысынан 33 кызматкерге сыйлыктарды, гүлдестелерди тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети