Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУнун профсоюз комитети мыкты студенттерди куттуктады

Ош мамлекеттик университетинин жалпы факультеттери жана колледждеринде билим алган студенттерди колдоо максатында, былтыркы окуу жылында илимий макала жазып, аны илимий журналдарга  жарыкка чыгарып жүргөн студенттерге атайы долбоор иштелип, он студентке 10 000 сомдон сыйлык, "Жаш илимпоз" төш белгисин тапшыруу ишке ашкан. Быйылкы окуу жылында ОшМУнун тарбиячылары уюштурган “Окуунун гана дыйкандары” деп аталган, коомчулукка өзгөчө даназалоо максатында, ОшМУда 50 000миң студент болсо, анын эң алдынкы топ-20 студенттин тандап, аларга ай сайын 1000 сомдон берилүүчү стипендиялык программа иштелип чыкты. Студенттер окуунун чыныгы дыйкандары жайдары, мода куубаган, элпек мүнөз, аракетчил жаштар болду. ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан да студенттерге куттуктоо сөздөрү айтылып, ачкалай сыйлыктар тапшырылды. Кээ бир студенттердин ата-энелери балдарынын окуудагы ийгиликтерине сыймыктанып, балдарын куттуктап окуу жайга келишти. Ата-энелердин, келечек ээлерибиздин жүзүндөгү жылмаюу ар дайым бүгүнкү күндөй болусун!

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети