Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Өнөктөштөрдүн ыраазычылыгы

19-октябрь Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы республикада шаңдүү белгиленди. Аны менен катар Билим берүү тармагында балдарга камкордук кылуу, алардын эс алууларын уюштуруу, кароо-сынактарга катышуусунда материалдык жактан колдоо, мугалимдерге дем берүү иштеринде өнөктөш катарында жараткан ийгиликтери үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Ыраазычылык каты” областтык балдар чыгармачылык үйүнүн директору Гулнура Медетова тарабынан төрага А.Исмаиловго тапшырылды. А.Исмаилов майрамдык белек өзгөчө болгондугун белгилеп, өнөктөштүктү мындан ары өркүндөтү үчүн биргеликте иш аракеттерди алып баруу тууралуу сөз кылып, айрым маселелерге кеңиритоктолуп өттү.  Өнөктөштөргө жамааттын атынан ыраазычылык билдирди.

 

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин  инспектору А.Айдаров