Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун III форуму жыйынтыкталды

Билим берүү жана илим тармагындагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тутумун биргелешип даярдоо жана интеграциялоо маселелерин талкуулоо жана Евразия экономикалык биримдигине бирдиктүү билим берүү процессин түзүү максатында уюштурулган форумга  Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков,  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри  Догдуркуль Кендирбаева баштаган жетекчилер жана 80ден ашуун эки өлкөнүн ректорлору катышты.

Форумдун жыйынтыгында студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү чөйрөсүндө университеттер аралык долбоорлорду колдоого, жогорку билим берүүнүн биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, квалификацияны жогорулатуу программаларында кошумча кесиптик билим берүүгө, кесиптик кайра даярдоо программаларын, жаштар форумдарын, жайкы жана кышкы мектептерди жана башка иш-чараларды өткөрүүгө багытталган кызматташуу боюнча 51 документке кол коюлду.

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар жетишилген макулдашууларды мындан ары практикалык жактан ишке ашыруу максатында Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖ ректорлорунун үчүнчү форумунун резолюциясын кабыл алышты.

Учурда Ош мамлекеттик университети Россиянын 77 университети менен эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин алкагында кызматташып келет. Алардын катарында Москва, Санкт-Петербург, Борбордук Россия, Карелия, Урал, Сибирь, Татарстан, Башкыртстан жана Чувашиянын алдыңкы университеттери бар.

2019-жылдагы биринчи форумдун аянтында ОшМУ Россиянын 13 университети менен эки тараптуу келишим түзсө, экинчи форумдун жүрүшүндө М.В. Ломоносов, И.М.Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медициналык университети жана Россия мамлекеттик гуманитардык университети менен келишимдерге жетишкен. Кыргызстан жана Россиянын  ректорлорунун III форумунда ОшМУ Россиянын 10 университети менен келишимге кол койду.

2023-жылдын май айында ОшМУда Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Ломоносов атындагы борбору ачылып, анда 3 багыт боюнча биргелешкен билим берүү программалары ишке ашырылууда. 

Муну менен катар ОшМУда орус жана евразиялык интеграция бөлүмү жана Түштүк Урал мамлекеттик университети менен биргеликте түзүлгөн орус тили борбору иштейт.

Жыл сайын ОшМУнун 50дөн ашуун студенттери жана окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программаларына, эл аралык жайкы жана кышкы мектептерге катышып келүүдө.

Эки өлкөнүн жогорку билим берүү системаларын жакындатууда биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маанилүү орунду ээлейт. ОшМУ Россиянын жогорку окуу жайлары менен 21 багыт боюнча кош дипломуу билим берүү программаларын ишке ашырууга багытталган меморандумдарга кол койгон. Алардын ичинен 12 программа учурда ийгиликтүү ишке ашууда.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети