Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Эмгек менен айкалышкан эс алуу!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлигинин президиумунун кеңешмесинин 2023-жылдын 26-июнундагы №7 чечими менен Х аймактар аралык Студенттик олимпиаданын 1-2-орунду жеңип алган студенттери жана аларды даярдаган жетекчилери, спорттун “Алыш күрөш”, “Күрөш”, “Бокс” түрлөрү боюнча жыл бою мыкты көрсөткүчкө жетишкен спортсмен-стуленттери, алардын машыктыруучулары, ЖАМУнун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн “ЖАМУнун мырзасы-2023”, “ЖАМУнун периси-2023” конкурстарында профкомдун сертификаттарын алган катышуучулар түзгөн кесиптик бирликтин 39 мүчөсү “Арстанбап-Ата” эс алуу борборунда эс алууда болуп келишти.

Эс алууга ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы М.Маткаримова баштаган комитеттин бардык мүчөлөрү бирге чыгышты. Кесиптик бирликтин жаштар кеңешинин жетекчиси А.Усеновдун жетекчилиги менен студенттер кызыктуу оюн-зоокторду уюштурушуп, эс алуучулардын көнүлдүү эс алуусун камсыз кылышты.

Эс алуунун экинчи күнүн эмгек менен айкалыштыруу максатында М.Маткаримованын демилгеси колдоого алынып, профсоюздук окуу-семинар уюштурулду. Семинар тарматык кесиптик бирликтин иш жүргүзүү принциби, структурасы, кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ал багыттар боюнча аткарылып жаткан иш аракеттер, алдыдагы максаттар камтылган кызыктуу программа боюнча өтүп, катышуучулардын активдүү катышуусун камсыз кылды. Семинардын катышуучулары алынган маалыматтарга ынануу менен өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышып, кесиптик бирликтин активине ыраазычылыктарын билдиришти. Семинардан кийин ошол  учурда “Арстанбап-Ата” балдардын эс алуу борборунда эс алып жүршкөн ЖАМУнун кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн 26 баласы менен жолугушуу болуп, катышуучулар үчүн комитеттин каржылоосу менен сый тамак уюштурулду. Жолугушууда жаш балдар менен студенттер биргелешип флешмоб өткөрүшүп, балдар аябай көңулдүү эс алышты.

ЖАМУнун кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн айтылуу Арстанбап аймагында  өткөн  эмгек менен айкалышкан эс алуусу тармактык кесиптик бирликтин Жалал-Абад облустук комитети менен ЖАМУнун кесиптик бирлигинин биргелешкен каржылоосу аркылуу каржыланып, уюштурулду. Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн эс алуусуна алдын ала кам көрүп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткан КРнын Билим жана илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетине жана анын жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети