Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Эл аралык студенттер күнү

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан 17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнү салтанаттуу белгиленүүдө. Ага ректор Айгүл Абдраева, проректорлор, курам жетекчилери, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.

Салтанаттуу кечеде, билим алууда өзүнүн уюштуруу жөндөмүн интеллект менен айкалыштыруунун бийик үлгүсүн, адептүү жүрүм-турумду, социалдык активдүүлүктү жана коомдук иштерде жоопкерчиликти көрсөткөндүгү үчүн университеттин 17 студентине ректордун стипендиясы тапшырылды. Ошондой эле, социалдык активдүүлүктү жана коомдук иштерде жоопкерчиликти көрсөткөндүгү үчүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардак грамотасын 17 студент алды. Ал эми жарандык-патриоттук сезимди калыптандырууга, сергек жашоо образын жайылтууга кошкон зор салымы жана спорт боюнча эл аралык мелдештерде жогорку жетишкендиктерди көрсөткөндүгү үчүн 4 студентке КМУнун Ыраазычылык каты тапшырылды.

Ага кошо эле, КМУнун Ыраазычылык каты Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы «Сибирь-Хоккайдо» туризм жана шаарлардын байланыштары борбору тарабынан уюштурулган Эл аралык япон тилинде оратордук чеберчилик боюнча конкурсуна катышып, ийгилик жаратып 2-орунга ээ болгондугу үчүн Японтаануу институтунун 2-курсунун студенти Селкинай Бековага тапшырылды.

Студенттер арасында патриоттуулук, маданий-интеллектуалдык деңгээлин жана медиа сабаттуулугун өнүктүрүү максатында уюштурулган “Мыкты репортёр” аталышындагы сынакта байгелүү орунду багындырган 3 студент кызыктыруучу белектер менен сыйланды.

Бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Назар Догдурбек ыраазычылык каты менен окуудагы мыкты жетишкендиктери жана атуулдук активдүү позиция менен, адеп-ахлактык баалуулуктарга негизделген жарандык коомдун өнүгүшүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылууда жаштар арасында гумандуулук жана боорукердик категорияларына негизделген этикалык, моралдык орнотмолорду калыптандырууга кошкон салымы үчүн 15 студентти сыйлады.

 

Маалыматты даярдаган: И.Арабаев ат. КМУнун кесиптик бирлик комитети