Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Бүткүл дүйнөлүк илим күнү

10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата ОшМУнун профсоюз комитети, жалпы ош мамлекеттик университетинин кызматкерлерине салтанаттык кече уюштурду. Салтанатка жалпысынан 650 кызматкер катышты. Кеченин ачылышына ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков  жана факультеттердин, колледждердин декан, директорлору катышты. Андан кийин уюштуруучу топтун  мүчөлөрү, Профсоюз комитетинин төрагасы  А.Э.Саттаров 2022-2023-окуу  жылында  ОшМУнун  өнүгүшүнө  илимий  жаатта  бир топ уюштуруу жана изилдөө иштеринде салым кошкон мугалимдерибиздин жана окумуштууларыбыздын илимий чыгармачылык иштерине ийгиликтерди  каалап, куттуктады.! Андан ары оюн – зооктор уюштурулуп, лотерея ойнотулду, жеңүүчүлөргө эс алуу жайларга (курорт, санаторийлерге) акысыз 10күндүк жолдомолор, белектер берилди.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети