Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарында «2016-жылдын мыкты мугалими» конкурсу

      Мугалимдердин жана тарбиячылардын ардактуу кесибинин беделин көтөрүү, алдыӊкы тажрыйбаны педагогикалык жамааттарга таратуу аркылуу окуучулардын билим сапатын көтөрүү, балдарды тарбиялоо максатында өткөрүлгөн “2016-жылдын мыкты мугалими” конкурсу жөнүндө.

       КР нын “Эмгек мамилелериндеги социалдык өнөктөштүк”, “Билим берүү”, “Мугалимдин статусу”  мыйзамдарын иш жүзүнө ашырууда Жалал-Абад шаардык мэриясы,билим берүү бөлүмү жана профсоюздун шаардык комитети тарабынан түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун талаптарына ылайык биргелешип иштөөнүн натыйжасында бир катар иштер аткарылды. Шаардагы билим берүү мекемелеринин баарында  жамааттык келишимдер түзүлүп,анын негизинде билим берүү кызматкерлеринин социалдык- экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча бир катар  иштер жүргүзүлүүдө.

      2016-жылдын 26-28-апрель күндөрү  мугалимдердин коомдогу кадыр- баркын көтөрүү, моралдык жана материалдык жактан  колдоо көрсөтүү, алдыӊкы иш-тажрыйбаны жайылтуу боюнча  “Жылдын мыкты мугалими” конкурсу  өткөрүлүп, үч тараптуу макулдашуунун талаптарына  ылайык мэрия жана профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитети  тарабынан колдоо көрсөтүлдү. Быйылкы жылы да  шаардык мэрия тарабынан бөлүнгөн  150 (бир жүз элүү)  миӊ сом акча каражаты сарпталды. Жогоруда аталган кароо-сынактын шаардык Жалал-Абад шаарындагы Курманбек  Баатыр балдар лицейинде   өткөрүлдү. Ага шаардагы жалпы билим берүүчү мектептерден 20 жаштан 50 жашка чейинки 18 мугалим  катышты.

   25-апрель күнү  конкурсунун катышуучулары менен  уюштуруу тобу  шаардагы тарыхий  жерлерге, музейлерге,эс алуучу жайларга  саякат жасашты. Жобонун негизинде  26-апрелдин  биринчи жарымында ар бир катышуучу өзүн  кеӊири тааныштырып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.  Ал эми күндүн экинчи жарымында “Маданият-улуттун жүзү” темасында эссе жазышты. Андан соӊ тест суроолоруна жооп беришип, калыстар тобу тарабынан бааланып,  төмөнкүдөй  жыйынтыктарды берди.27-апрель күнү шаарыбыздагы Р.Санатбаев атындагы № 4 мектеп-гимназиясында сынактын катышуучулары өз предметтери боюнча сабак өтүштү.

     1-орунду шаардагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын биология  мугалими  Кенжаева Бщсайра Абдумаликовна   ээлеп,1-Даражадагы Диплом жана  МУЗДАТКЫЧ ,2-орунду  № 17 мектебинин тарых  мугалими  Олжобаев Нурбек Курманбекович  ээлеп, 2-Даражадагы Диплом жана  ЭЛЕКТР жана ГАЗ  плиткасы , 3-орунду  № 9 мектеп-гимназиясынын  химия  мугалими  ээлеп,  3-Даражадагы Диплом жана  ПЛАЗМА  ТЕЛЕВИЗОРу   менен сыйланды.

     Мындан тышкары 8 мугалим  тщрдщщ номинацияларына ээ болушуп,  ар бири Ардак Грамота жана  МИКРОТОЛКУНДУУ МЕШтер, активдүү катышкандыгы үчүн 7 мугалим Ардак Грамота жана ЭЛЕКТР ЭТ МАЙДАЛАГЫЧтар менен сыйланышты.

       Кызматкерлердин социалдык –экономикалык укуктарын коргоодо жасай турган иштер али алдыда. Бул маселелер дагы да болсо үч тараптуу макулдашуунун  негизинде ишке ашат деген ойдобуз. 

       Коомубуздун агартуучулары болгон мугалимдердин усулдук ыктарын өнүктүрүү жана алдыӊкы иш-тажрыйбаларын жайылтуу максатында мындай иш чаралар уюштурула бермекчи.    

 

Билим берүү кызматкерлер

профсоюзунун Жалал-Абад

\

шаардык комитети