Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунда «Жыл мугалими 2016» кароо сынагы

    2016-жылдын  28-29-апрель  күндөрү  Токтогул  районунун Боконбаев  атындагы  орто  мектебинде  «Жыл мугалими 2016» кароо  сынагы  болуп  өттү.  Кароо  сынактын ачылышын  Токтогул районунун  билим  берүү бөлүмүнүн  башчысы  Д. Сулпукарова жана  Токтогул  райондук билим жана   илим  кызматкерлеринин  төрагасы  Т.  Исраилов   болуп биргеликте ачышты.  Кароо  сынакка  айыл  Өкмөттөрүнөн  тандалып чыккан алты  мектептин  мугалимдери катышты.   

   Жыйынтыгында Турдуманбетов  атындагы  орто  мектебинин  орус  тил  мугалими сынактын  жеӊүүчүсү болуп  табылды.  Сынактын  аягында жеӊүүчүлөргө жана  катышкандарга Токтогул райондук  профсоюз  комитети  тарабынан грамоталар жана  баалуу  белектер  тапшырылды.