Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Социалдык өнөктөштүкту уюштуруу- мугалимдердин эмгегин коргоонун жана колдоонун башкы жолдорунун бири» деген темада областтык семинар өткөрүлдү

Социалдык өнөктөштүктө билим берүү кызматкерлерине, ынгайлуу шарттарды түзүү  максатында, билим беруу кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин  2014-жылдын IV кварталындагы иш планына ылайык “Социалдык өнөктөштүкту уюштуруу- мугалимдердин эмгегин коргоонун жана колдоонун башкы жолдорунун бири” деген темада  билим беруу мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын жана райондук шаардык профсоюз комитеттеринин торагалары учун областтык семинар  2014-жылдын 5-ноябрында Баткен районунун Кара Бак айылындагы Б.Нарматов атындагы орто мектебинин базасында  болуп өттү.

 

           Семинарда үч тараптуу келишимдин түзүлүш жол жобосу Баткен райондук профсоюз комитетинин төрагасы Т.Жумаев тарабынан кенири түшүндүрүлдү, семинардын катышуучуларына келишимдин үлгүлөрү берилди.

           Семинарга өнөктөш катары Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов жана 3 райондук, 3 шаардык профсоюз комитеттери жана баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары катышты.  Семинардын журушундо Б.Нарматов атындагы орто мектебинин иштери менен таанышуу  менен башталып, семинардын аягында катышуучуларга сый тамак уюштурулуп, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программасы менен аяктады.

 

Уюштуруу иштери боюнча адис                          К.Акимов.