Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Профсоюз мүчөлөрдүн социалдык колдоолорун камсыздоого жетишели!” темасындагы семинар

“Профсоюз  мүчөлөрдүн социалдык колдоолорун камсыздоого  жетишели!”  темасындагы  семинар

                   Ноокен районунун  баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  жетекчилери үчүн 24-26 –февраль 2016-жыл күндөрү семинар Достук, Бүргөндү, Момбеков айыл аймактары, Кочкор-Ата шаары мектептеры  үчүн №17 “Кыла” орто  мектебинде, Ноокен,Сакалды, Арал,Масы, Шайдан мектептери үчүн №7 Торогельдиев  атындагы  орто   мектебинде, бакчалар  үчүн №1”Ак-Кайың” бакчасында өткөрүлүп, анда 91 жетекчи катышышты.

    Семинарды райондук комитетин төрагасы К.Нышанов ачып, Билим, илим профсоюзунун Борбодук Комитетинин, Жалал-Абад облустук комитетинин президиумдарынын токтомдорун  ишке ашыруудагы  райондук  профсоюздук  уюмдун милдеттерине кеңри  токтолду.

        Айылдык, шаардык өкмөттөр  менен түзүлгөн үч тараптүү келишимдери, жамааттык келишимдерди  ишке  ашыруу менен  мүчөлөрдүн социалдык-эконоиыкалык  маселелерин чечүүнүн  иш  тажрыйбалары боюнча  Кочкор-Ата  шаарындагы №15 Семетей атындагы  орто  мектебинин  профсоюздук  уюмунун төрайымы Айнура Толтоева, Сакалды айылдык  аймагындагы №11 Алиев  атындагы орто мектебинин  профсоюздук  уюмунун төрайымы Гулжамал Төрөева,   Кочкор-Ата  шаарындагы  №15 “Жомок” бакчасынын профсоюздук  уюмунун төрайымы Рыслыгай  Нуралиевалар слайддар  менен маалыматтар  беришти.

        “Профсоюздук  мүчөлөрдүн социалдык колдоолорун мыкты уюштурган профсоюздук  комитет” урааны  астында 2016-жылдын республикалык кароо-сынагынын райондук  турун  уюштуруунун иш  чараларын райондук комитеттин  укук  жана эмгекти коргоо боюнча тескөөчүсү  А. Айдаров баяндады.

         Баштапкы  профсоюздук уюмдардын  номеклатуралык иш кагаздарын жүргүзүү боюнча усулдук  материалдарды №8 Орозматов атындагы орто мектебинин  профсоюздук уюмунун төрайымы Зыйнат Маматова, №4 “Алтын-Бешик” бакчасынын  профсоюздук уюмунун төрайымы Салтанат Батыркуловалар слайддар менен материалдарды беришти. Семинар катышуучулары 3 тайпага бөлүнүп, иш кагаздар боюнча  берилген тапшырмаларды аткарышып, пикирлер, сунуштар талкууланды. Иш кагаздарды жүргүзүүнүн усулдук материалдарын А.Айдаров толуктап жыйынтыктады.

       Баштапкы профсоюздук уюмдарда жаңы технология  менен иштөөнү уюштуруу темасын практыкалык көнүгүүлөр менен №16 Турусбеков атындагы  орто мектебин профсоюздук уюмунун төрайымы Нургул Тагаева көрсөтүп берди.

       Райондук комитет  тарабынан  уюштурулган эмгекти коргоо боюнча коомдук тескөөчүлөрдүн  түзүмүнүн  ишин  уюштуруу  жөнүндө райондук комитеттин  укук  жана эмгекти коргоо боюнча тескөөчүсү  А. Айдаров баяндады. Коомдук тескөөчүүлөргө салтанаттуу түрдө  күбөлүктөрү  тапшырылды.

Райондук  билим берүү бөлүмүнүн  борборлоштурулгон  бухгалтериясынын башкы экономисти Гулайым Бекбаева КР Өкмөтүнүн 2-декабрь 2015-жыл №816 токтому жана мектепке  чейинки  мекемелердин  кызматкерлеринин айлык акылары жөнүндө маалымат берип, суроолорго жооптор берди. Семинардын  катышуучуларынын ой-пикирлери угулуп, суроолорго жооптор берилди. Семинарды  райондук комитеттин  төрагасы К.Нышанов жыйынтыктады.

Даярдаган: Райондук комитеттин укук жана эмгекти коргоо  боюнча  тескөчүүсү-А.Айдаров.