Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда Кыргызстандагы эң ири өлчөмдөгү 5 студенттин ар бирине 1200$ дан ыйгарылган “Атуулдук стипендияны” тапшыруу аземи болду

Ош мамлекеттик университетинде студенттерге стимул берген, суктандырган, шыктандырган, Кыргызстандагы эң ири өлчөмдөгү стипендия болгон “ОшМУнун атуулдук стипендиясынын” 3- ыйгарылышы болду. 

Мында атайын комиссиянын чечими менен 27 талапкердин ичинен  эң мыкты деп тандалып алынган, жөндөмдүү, чыгармачыл, таланттуу, мыкты окуган 5 студентке 100 доллардан жылына 1200 долларлык стипендияны ыйгаруу аземи болуп өттү.

 

   Ош мамлекеттик университетинде эмгектенген, илимдин доктору, илимий чини бар, жашы улгайып калган профессор агай өзүнүн өмүр боюу жыйнаган мүлкүн банкка төгүп, аны ОшМУга мурастап,  мыкты окуган, өзгөчөлүккө ээ болгон студенттерге стипендия кылып берүү оюн билдирген. ОшМУнун жетекчилигинин мындай демилгелерге жасаган дилгир мамилесинин аркасында бул стипендияны 50 жыл бою төлөөгө банк, профессор агай, университет болуп үч тараптуу келишим түзүлгөн. 2012-жылы бул стипендиянын алгачкы ээлери түзүлгөн атайын жобонун негизинде тандалып 5 студентке тапшырылган, ал эми  2013-жылы 2-жолу ыйгарылган болчу.

Спинедияны каржылап жаткан профессор агай ар тараптуу, мыкты сапаттарга ээ, эң негизгиси мамлекети, эли жөнүндө ойлонгон, пайдамы тийгизем деп аракет кылган жаштарды колдоо негизги максаты экендигин айтат. Ошол эле учурда атын атабай келет.

ОшМУдагы быйылкы атуулдук стипендияга  Медицина факультетинин дарылоо иши адистигинин 4-курсунун студенти Кеңешова Айзада, Орус филологиясы факультетинин 4-курсунун студенти Лапушкин Алексей, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Аскарова Алия, Билим берүүнүн менеджменти факультетинин 5-курсунун студенти Аширов Ныязбек, Юридика факультетинин 4-курсунун студенти Маткалыков Азирет Али ээ болушту.

Салтанттуу тапшыруу аземинде ар бир стипендианттар  тууралуу видео-роликтер көрсөтүлүп, студенттерге үлгү болчу  мыкты жетишкендиктери катышуучулардын назарына коюлду.

 Стипендияны тапшырып жатып, окуу жайдын ректору, профессор  Каныбек Исаков студентерди шыктандырууга, эмгектенүүгө үндөгөн мындай стипендияны каржылап жаткан профессор агайга    ыраазылык билдирип өттү.  “Быйылкы жылдагы аттулдук стипендия университетибиздин 75 жылдык мааракесинини алкагында өтүп жаткандыгы менен символикалуу. Ар тараптан мыкты  27 студенттин ичинен биз окуудан мыкты, бир нече тил билип, чет өлкөлөрдөгү окуу жайлар менен ар кандай долбоорлор аркылуу байланышып, билимин өркүндөткөн, коомдук, маданий-массалык иштерде салымдарын кошкон, спорт жаатында да ийгиликтерди жараткан, эң негизгиси окуу жайым, туулган айылым, өлкөм үчүн салымымды кошсом, коомго пайдам тийсе деген тилек-үмүт менен тырышып, эмгектенип келе жаткан 5 талапкерди тандап алдык. Биз бүгүн жаштарды колдосок, өстүрсөк, дем берсек эртең алар мекендин жүгүн тартышат. Бардык студенттердин ушундай  тырышчаак, эмгекчил, патриот болууларын тийлейм. Дайыма алдыга умтулуп жүргүлө”-деп кошумчалады университет жетекчиси.

Конкурска талапкер болгон 22 студенттердин  да жетишкен ийгиликтери айтылып, ар бирине акчалай сыйлыктар берилди.

Салтанаттын жүрүшүндө “Атуулдук стипендиянын” 2- муундары, өткөн окуу жылындагы стипендианттар 3-муундагы стипендианттарга каалоо-тилек айтып, символикалуу түрдө даярдалып, моюндарына тагынган медалдарын кийинки муунга тапшырып беришти. Ал эми саамалыкка келген стипендианттардын ата-энелери, алар билим алган мектептердин жамааттары, айыл өкмөттөр ыраазычылык сөздөрүн жолдошту.

Белгилей кетсек, буга чеийн стипендиянын ээлери болушкан 10 студенттин баары бүгүнкү күндө коомдо өз ордун таап, мыкты адис катары эмгектенип, мыкты студент катары билимдерин улоо менен университеттин өсүп-өнүгүүсүндө салымдарын кошуп келүүдө.