Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда айлык акы жогорулады

ОшМУда профессордук-окутуучулук курамдын, административдик башкаруу, чарба көмөкчү жана кенже-тейлөөчү кызматкерлердин айлык акылары окуу жайдын ички резервдеринин эсебинен 2014-жылдын 1-ноябрынан тартып салыштырмалуу кызматтык окладдын  50%дай  жогорулатылды. Бул тууралуу чечим ОшМУнун административдик кеңешмесинде кабыл алынды. 

 ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков айлык акылардын жогорулашы боюнча: “Биз окутуучуларыбызга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып келебиз. Окуу жайда ыксыз чыгымдарды кыскартуунун, үнөмдөөнүн натыйжасында айлык акыларды өстүрүүгө шарт жаратты. Албетте, маянанын бул жогорку чеги эмес, шартыбызды карап, мүмкүнчүлүктүн болушунча дагы  жогорулатуу пландарыбыз бар. Маяналардын жогорулашы  сөзсүз ар кандай негативдүү көрүнүштөрдүн болушунун алдын алат”,-деди.