Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ алдыңкы мектептерге колдоо көрсөтүүнү улантып жатат

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарындагы ОшМУга алдыңкы абитуриенттерди даярдап, жөнөтүп жаткан мектептерди компьютердик технологиялар, электрондук доскалар менен камсыздоону улантып жатат.

Кечээ күнү  Ноокат районундагы М.Улугбек атындагы орто мектебине 2 компьютер, 1 электрондук доска, окуу китептерин, «Сахоба» лицейине 1 компьютер, окуу китептерин, физика, химия сабактары үчүн лабораториялык каражаттарды, ал эми «Ноокат» билимканасына 1 электрондук доска, проекторду белекке берди. Ошондой эле аты аталган 3 мектептин окутуучулар жамааты, бүтүрүүчү класстын окуучулары менен ой бөлүшүп, пикир алышты.

Эске сала кетсек, буга чейин ОшМУ тарабынан Баткен облусунун Лейлек районунун жана Жалал-Абад облусунун алдыңкы мектептине да ушундай  жардамдар көрсөтүлгөн.