Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргызстан профсоюздарынын түзүлгөндүгүнө 90 жыл жана алгачкы профсоюз кыймылынын Кызыл-кыя шаарында түзүлгөндүгүнө 110 жыл деген темада акция өткөрүлдү

2015-жылдын 31-мартында Баткен областынын Кызыл-кыя шаарында Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынанКызыл-Кыя шаарында шахтерлор тарабынан  профсоюздар кыймылынын түзүлгөндүгүнүн 110 жылдыгы жана Кыргызстанда профсоюздарынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата биринчи старт берген акция өткөрүлдү.

1905-жылы Кызыл-кыя шаарында шахтелердун руднигинде алгачкы профсоюз уюму түзүлгөн. Бул профсоюз уюмуна анча көп эмес шахтерлер мүчө болуп, турмуш шарты оор шахтерлерго жардам берүү максатында ай сайын жалпы кассага мүчөлүк акы төлөп турушкан.1905-жылдын жазында Сүлүктү жана Кызыл-кыя шаарларынын шахтерлору төмөнкүдөй талаптар менен иш таштоого чыгышкан, 8 сааттык жумуш күнү, эмгек акыны көтөрүү, айып салууну жокко чыгаруу, сөз эркиндиги болуусун талап кылышкан. 1925-жылдын 31-мартынан 3-апрелине чейин Пишпек (Бишкек) шаарында Кыргыз автономиялуу областынын  профсоюздарынын биринчи уюштуруу съезди өткөрүлгөн. Бул съездге 9243 профсоюз мүчөлөрүнүн атынан 109 делегат катышкандыгы тууралуу тарыхый маалыматтар айтылды.

             Бул акцияга Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы А.Токтогулов, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасынын орун басары О.Жайлообаев, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасынын орун басары, ош областтык профсоюздар кеӊешинин торагасы  Т.Мусаев,  Жалал-Абад областтык профсоюздар кеӊешинин торагасы З.Жусмаматов,  Баткен областтык профсоюздар кеӊешинин төрагасы  А.Казаков, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын жооптуу кызматкерлери О.Карабалаев, С.Исраиловалар, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баткен областтык комитетинин төрагасы З.Ботоков,  Билим берүү  кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук, Кызыл-кыя шаардык комитеттеринин  төрагалары А.Нурмаматов. М.Бувановалар жана шаардагы бардык мекеме уюмдардын жетекчилери, профсоюз комитеттеринин төрагалары, ардагер шахтерлер, профсоюз уюмдарынын  ардагер төрагалары катышышты. Акцияны катышуучулары алгач Кызыл –Кыя шаарындагы  Т.Кулатов атындагы тоо-кен колледжинин алдындагы коомдук ишмер Т.Кулатовдун эстелигине гүл коюдан башташты. Андан кийин аталган колледждин музейи, алгачкы профсоюз уюмунун түзүлүшү жөнүндөгү маалыматтар, окуу кабинеттери менен таанышышты. Кызыл-Кыя шаардык музейиндеги экспонаттар, тарыхый маалыматтар анын ичинде алгачкы профсоюз уюмунун төрагалары жана алардын ошол мезгилдеги шахтёрлер үчүн кам көрүлгөндүгү, талапттардын коюлушу жөнүндөгү маалыматтар кызыктуу болду.

Акциянын экинчи бөлүгү Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын чон залында өткөрүлдү. Акциянын катышуучуларына Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан 2014-жылда аткарылган иштер жөнүндөгү видео фильм көрсөтүлдү. Андан кийин сөз алган Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы А.Токтогулов профсоюз уюмунун тарыхы жөнүндө жана азыркы мезгилдеги профсоюздар тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө кеӊири маалымат берди. Бул акция быйылкы жылы республикада жыл ичинде улантылаарын белгиледи. Ощондой эле ардагер шахтерлорго Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Акциянын жыйынтыгы менен жалпы кайрылуу кабыл алынды.

            Бул акцияны уюштурууда Кызыл-кыя шаарынын мэри А.Халмурзаев жана мэриянын аппаратынын кызматкерлери, билим берүү профсоюзунун Кызыл Кыя шаарынын төрайымы М.Буванова, Баткен областык профсоюздар Кеӊешинин төрагасы А.Казаковдор менен биргеликте уюштуруу маселеринде жогорку дeӊгээлде чон иштерди аткарышты.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Баткен областтык комитетинин

төрагасы                                                                                                     З.Ботоков.