Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунда балдар бакчалардын баштапкы профсоюз уюмдарынын иштери жардамга муктаж

     2016-жылдын 27-апрель күнү  Жоош айылдык аймагында жайгашкан «Акылман бөбөк» балдар бакчасынын базасында баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарынын семинары болуп өттү.

    Кара-Суу районунда бүгүнкү  күндө 67 мамлекеттик, 7 жеке менчик , 2 жааматтык балдар бакчалары иштейт. Акыркы жылдары балдар бакчаларынын саны көбөйүп, алар  практикалык жана методикалык жардамдарга муктаж. Мына ошондуктан 2 айга бир жолу семинар-окуу пландаштырылып .жардам көрсөтүлүүдө.

     Семинардын максаты: Балдар бакчаларындагы баштапкы профсоюз уюмдарынын иш кагаздарынын  жүргүзүлүшү, профсоюз каанасын, профсоюз бурчунун  уюштурууну жана туруктуу комиссиялардын ишин жандандыруу боюнча тынымсыз иштер алып барылууда.