Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Инновациялык ыкмадагы областтык семинар

    2016-жылдын 28-апрель күнү Өзгөн районундагы А. Таӊатаров атындагы интернат-гимназиясынын базасында «Баштапкы профсоюз уюмдарынын туруктуу комиссияларынын иштерин оптималдаштыруу» деген темада областтык семинар болуп өттү. Семинарга Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин аппарат кызматкерлери, Ош областынын аймагындагы РПК, ШПК, ЖОЖ, АООЖнын төрага, төрайымдары жана район, шаарлардын, жогорку, орто окуу жайлардын баштапкы пофсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын өкүлдөрү катышты.

    Семинар темасына шайкеш келип жаӊы инновациялык усулдардын негизинде кызыктуу жана жогорку деӊгээлде өттү. Башкача айтканда  А. Таӊатаров,  А. Төлөнов, Ы. Бектемиров атындагы орто мектептери өздөрүнүн мектебиндеги баштапкы профсоюз уюмдарынын туруктуу комиссиялардын отурумдарынын өтүлүшүн семинардын катышуучуларына көрсөтүп беришти.

 

       Семинардын экинчи бөлүгүндө семинарга келген төрага, төрайымдарды катыштыруу менен «Акыл ордо» жана «Форум театр» иш-чарасын өткөрүштү.

      «Акыл ордо» жана «Форум театр» иш-чарасында берилген суроолор, сахнада көрсөтүлгөн эпизоддор профсоюз кызматкерлеринин укуктарын, кызыкчылыктарын жана эмгегин коргоого арналып көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты. «Форум театр» өтө кызыктуу болгондуктан сахнада эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча «Мекемедеги болгон окуя» эпизоду көрсөтүлгөн учурда «Стоп» белгисин колдонуу менен семинардын катышуучулары  Кара-Суу, ОшТУ, Араван, Алай райондорунун төрагалары П. Жакыпов, А. Арзыматов, Б.Турдубаев, А.Абдыкадыров жолдоштор кезек менен сахнага чыгып, окуяга катышып, ролдорду аткаргандыгын өздөрү да сезбей калышты.

     Семинардын жыйынтыгында туруктуу комиссиялардын иштерин оптималдаштыруу максатында Өзгөн райондук профсоюз комитети тарабынан уюштурулган семинар инновациялык ыкма менен жогорку деёгээлде өткөндүгүн семинардын катышуучулары белгилешти. Ошондой эле жыйынтыктоо сөзгө Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.А. Тойгонбаев, аппарат башкаруучусу М. Аттокуров, Өзөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.М. Дуйшеев жолдоштор жыйынтыктоо сөз сүйлөп өтүлгөн семинар максатына жеткендигин белгилешип, туруктуу комиссиялардын иштерин областтын бардык баштапкы профсоюз уюмдарында жакшыртууну колго алуу керектигине токтолушту жана семинар өткөргөн мектеп жамааттардын иштерине ийгиликтерди каалашты. 

Ө з г ө н     р а й о н у