Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Даниялыктар Ноокенде 9-май -Жеңиш майрамына катышты

        2016-жылдын  7-10-майында  Даниялыктардын  делегациясы  курамында: Лиза Фром- «Даниядагы  Европо Үйү” мамлекеттик эмес уюмунун  Президенти, Хенрик Хаубро- вице президенти, Габриель  Ватопену- Румыниялык Эл аралык  долбоорлорду баалоочу, Курд Лежболе- майып   балдар устаканаларынын директору, Жаннет  Лежболе -  майып  балдар  бакчасынын  директору Ноокен  районунда  иш  тажрыйба  алмашуу  менен болушту. 

        7-май  куну  Ж.Ниязов атындагы  жатак  көмөкчү  мектебинде  райондун  социалдык  тармагынын  кызматкерлери  жана  тарбиячылар  үчүн семинар-трениг  өткөрүштү. Делегация  райондун борбору Масы  айылында өткөрүлгөн 9-май Жеңиш  күнүнө  арналган  майрамдык иш-чарага  катышып  Кыргызстандыктарды  майрам менен кутукташты.

         Делегация  Даниялыктар тарабынан    Ж.Ниязов атындагы  жатак  көмөкчү  мектебине  10 мин АКШ  доллары  суммасындагы  күнөскана  куруу  долбоорун жактырышты. Ноокендикдер  Даниялыктарга  өздөрүнүн  ыраазычылыктарын билдиришти.

         Майрамга карата  иш-чарада  Билим,илим профсоюз  кызматкерлеринин  Ноокен  райондук  комитети   тармактагы Чернобылчы  жана  Баткенчи  кесиптештерин куттуктап  белектерин  тапшырды.

Материалды  даярдаган: Ноокен  райКБКнын  укук  жана  эмгек  боюнча  тескөөчүсү-А.Айдаров.