Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдындагы жаштар кенешинин II отуруму болуп өттү.

         Билим илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдындагы жаштар кенешинин  II отуруму 2014-жылдын 9-декабрь күнү Баткен шаарында өткөрүлүп, отурумда төмөнкүдөй маселелер каралды:

  1. жаштар кенешинин жобосуна толуктоо, өзгөртүүлөрдү  киргизүү
  2. жаштар кенешинин мүчөлөрүнүн курамын толуктоо,  
  3. жаштар кенешинин 2015-жылга иш планы бекитүү.

Отурумдун жүрүшүндө “Профсоюз жаштарынын ишмердүүлүгүн активдештирүү жөнүндө” ОПКнын уюштуруу иштери боюнча адиси К.Акимов тарабынан слайд даярдалып көргөзүлүп, Жаштар кенешинин мүчөлөрү Р,Мажитова жана Ш.Аликановалар “Жаш профсоюз лидерлер” мектеби жайкы лагеринен алган маалыматтары боюнча доклад окушуп, ой-пикир, сунуштар талкууланды. Семинарга Баткен областындагы бардык район, шаардык профсоюз комитеттеринин  35 жашка чейинки  активдүү төрагаларынан  куралган жаштар кенешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

 

         Семинарга Билим илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков,

Баткен областтык профсоюздар кенешинин төрагасы А.Казаковдор катышып сөз сүйлөштү.

         Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдындагы жаштар кенешинин бекитилген курамы:

 

  1. Акимов К.                       -Төрага
  2. Саюнов Г.                       -Төраганын орун басары
  3. Абдибаитов К.               -Төраганын орун басары
  4. Абдыразакова Б             -Катчы
  5. Аликанова Ш.                -БатМУ, проф.ком. төрайымы.
  6. Жапарова Г.                    -Баткен району, “З.Абдукаримов”а.о.м. проф.ком. төрайымы.
  7. Жолдошбаева Г.             -Баткен району,  “Жаңы Жер” о.м. проф.ком. төрайымы.
  8. Султанова У.                  -Баткен району, “К.Турмаматов” а.о.м. проф.ком. төрайымы.
  9. Юсупов О.                      -Лейлек району,  “Андарак 1” о.м. проф.ком. төрагасы.

10.  Жетимишов С.               -Лейлек району, “Самат” о.м. проф.ком. төрагасы.

11.  Нышанбаев К.                -Кадамжай,  “Орозбековдун 120 жылдыгы” а.о.м. проф.ком. төрагасы.

12.  Шамшидинова Г.           -Кызыл Кыя шаары, №8 б.б. проф.ком. төрайымы.

13.  Нурматова Р.                  -Сүлүктү шаары, “М.Ибрагимов” а. №3о.м. проф.ком. төрайымы.

14.  Мажитова Р.                   -БатМУ колледж проф.ком. төрайымы.

15.  Абдураимова Ж.            -Көркөм сүрөт окуу жайы проф.ком. төрайымы.

16.  Рахманова Т.                   -Баткен шаары, “Ж.Бөкөнбаев” а.о.м. проф. мүчөсү

 

 

Уюштуруу иштери боюнча адис:        К.Акимов.