Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү профсоюздарынын Евразиялык эл аралык бирикмесинин Х форуму болуп өттү

2015 – жылдын  18 – сентябрь   күнү  бул  иш  чара   жогорку  деңгээлде   Ош  шаарында  болуп  өттү.

   Форумга  Азербайжан,  Казакстан,  Кыргызстан, Македония,  Турция   мамлекеттеринин   билим   берүү   кызматкерлеринин  профсоюздарынын   лидерлери  жана   делегация  мүчөлөрү   катышышты.  Форумдун  ишине  Кыргыз  Республикасынын   билим,  илим   кызматкерлеринин  Борбордук   профсоюз   комитетинин   төрагасы  А.Токтогулов  төрагалык   кылды.   Ищ чаранын   жүрүшүндө    ар  бир   мамлекеттин   лидерлери  өздөрү  жүргүзүп  жаткан   иштери  жөнүндө   айтып  беришип,   кызматкерлердин  укуктарын,   кызыкчылыктарын  коргоодогу  тажрыйбаларын  ортого   салышты.   Түрк   тилдүү  мамлекеттердин     профсоюздарынын  мамилелерин, карым – катнаштарын   жакындатуу,  эл  аралык   бирикменин  масштабын  кеңейтүүгө    аракеттер   жүрүп  жаткандыгы  жана башка  түрк  мамлекеттер  мүчө болууга  ынтызар  экендигине  токтолушту. Форумдун  аягында  резолюция кабыл  алынды. Иш  чаранын  жүрүшүндө  ОшМУнун  уюштуруучулук  иштери  жана  эңалдынкы  заманбап  технологиялык  жабдуулар  менен  жасалгаланып, иштеп  жаткандыктарына  күбө  болушту, ошондой  эле  медициналык  факультеттеги  университеттин  өз фондунун  эсебинен  каржыланып салынган,  жалпы  медициналык  клиниканын  иштери  менен таанышышты. Андан  кийин Сулайман  тоо  этнографиялык  тарыхый  музей  комплексине экскурция  жасалды.   

 

 

 

        

                         Ош  областтык  профсоюз  комитети.