Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарындагы "2016-жылдын мугалими" кароо сынагы

   Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин базасында  Баткен шаардык билим берүү бөлүмү жана  Баткен шаардык профсоюз комитети  "2016-жылдын мугалими"  кароо-сынагын өткөрдү. Сынакка  шаардык Мэрия тарабынан  41000 сом бөлүнүп, мугалимдерге социалдык коргоо көрсөтүлдү. Сынактын жыйынтыгында Ж.Боконбаев орто мектебинин башталгыч класс мугалими Абдукахарова Бермет 1-орунду, Кызыл-Жол орто мектебинин математика мугалими Бурул Эрматова 2-орунду, В.И.Ленин орто мектебинин тарых мугалими Таалай Жапаров 3-орунду  ээлешип, Тийиштүү даражадагы диплом жана баалуу  сыйлыктар менен  сыйланышты.