Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Профсоюз - жаш профлидерлер менен сыймыктанат!

Бишкек шаарында "Мага баарыбир эмес" деген ураандын алкагында V жарандар форуму болуп өттү. Республикадагы белгилүү жарандык активисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер, саясатчылар, эксперттер, укук коргоочулар, журналисттер катышкан ачык эркин баарлашууга багытталган форумга  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин жаштар кеңешинин жетекчиси Адилет Усенов да катышып келди.

Форум диалог түзүүгө, бирин-бири угууга, альтернативдик идеаяларды талкуулоого, ошону менен бирге коомдун алдында турган ар кандай чакырыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн маани-маңызын, табиятын түшүнүүгө багытталып, анда жарандык коомдун алдында турган көйгөйлөрдү, чакырыктарды алга сүрөөнүн жолдорун жана мүмкүнчүлүктөрүн талкууга алуу боюнча адам укугу, бүгүнкү күндөгү жарандуулук, мамлекет менен жарандардын мамилеси, жарандуулук билими,  адам  эркиндигинин мааниси, коомдогу окуяларга кайдыгерликтин кесепеттери сыяктуу маселелер талкууга алынып, АКШнын  коомдук жашоо, эмгек институтунун коомдук кызмат философиясы боюнча башкы илимий кызматкери Харри Бойт менен  эркин баарлашуу болду.

Жыйынтыгында,  жаш жарандардын республикалык V форуму, кандай коом жана кандай өлкө курулуп жатканы, бул үчүн жарандардын өздөрүнүн жекече жоопкерчилиги сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча резолюция кабыл алды.

Усенов Адилеттин, ушундай  форматтагы иш чаралардан алган билим билгичтиктерин  профсоюздук ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда  натыйжалуу пайдалануу менен,  профсоюздук лидерлик тажрыйбасы арта берүүсүн каалайбыз.   

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети