Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Ноокендин профактиви менен жолугушуу

2023-жылдын 3-февралында Жалал-Абад обкомунун төрагасы  А.Исмаилов Ноокен  районунун  профактиви  менен жолугушту.

Бул  иш-чарага  обкомдун жооптуу  кызматкерлери, Ноокен райондук билим беруу болумунун башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райкомунун төрагасы  К.Нышанов, райкомдун  президиумунун мүчөлөрү, республикалык кароонун жеңүүчүлөрү: Момбеков айыл аймагындагы №22 “Гүлкайыр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы - Машаева Кыял Жигиталиевна, №6 Арал орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы - Эргешова Алтынай Эгемовна жана  райкомдун  жооптуу  кызматкерлери  катышты.

Обкомдун төрагасы А.Исмаилов 2022-жылда жетишилген ийгиликтер  жана  2023-жылда алдындагы   милдеттер  тууралуу  кыскача маалыматтар  берип, Ноокен  райкомунун  өнөктөштөр  менен  биргеликтеги  ийгиликтери менен   куттуктады.

Борбордук Комитет тарабынан 2022-жылда уюштурулган  республикалык  кароодо жеңүүчүлөр болушкан Момбеков айыл аймагындагы №22 “Гүлкайыр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы - Машаева Кыял Жигиталиевна, Арал  айыл  аймагындагы №6 Арал орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы - Эргешова Алтынай Эгемовналарга  обкомдун төрагасы А.Исмаилов  обкомдун  белектерин салтанаттуу  түрдө  тапшырды.

Иш-чарада Ноокен  райкомунун президиумунун мүчөлөрү  М.Абдувалиева, А.Усманов, райондук билим беруу болумунун башчысы Н.Олжобаев, обкомдун  инспектору  А.Айдаров, жеңүүчүлөр К.Мамашева, А.Эргешовалар сүйлөшүп, Борбордук  Комитеттин  төрагасы  А.Токтогуловко,  обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловко ыраазычылыктарын билдиришип, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык  маселелерин  чечүүдөгү иштерине  ийгиликтерди каалашты.


Маалыматты даярдаган:  Жалал-Абад  областтык КБКнын   инспектору А.Айдаров