Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кесиптешибизге колдоо көрсөтүлдү

Базар-Коргон районундагы №4 А.Навои атындагы орто мектебинин мугалими З.Акматова сарык оорусу менен көп жылдан бери ооруп келет. Ал дарылануу үчүн каражатка муктаж болуп жаткандыгын айтып, кесиптик бирликтин райондук комитетине кайрылган. Мындан улам Базар-Коргон райондук кесиптик бирлик комитети З.Акматовадан кабар алып, кесиптик бирлик мүчөсүн колдоо иш-чарасы уюштурду.

Райондук комитеттин төрагасы С.Жаркымбаев З.Акматовага чын ден-соолук каалап, кесиптик бирлик тарабынан материалдык жардамды тапшырды. Кесиптик бирликтин мүчөсү З.Акматова колдоолор үчүн билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетине ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети