Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Аксы районундагы мугалимге жардам

Аксы районуна караштуу Жаны-Жол айыл өкмөтүндөгү №10 Ж.Мамытбеков  атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин биология сабагынын мугалими Калматова Рабо эжекенин боору ооруп операция жасоого муктаж болуп калды. Ал операцияга 40 миң АКШ доллары керек болгон.

Мектеп жамааты колунан келген жардамын беришти. Бирге иштеген кесиптештери эле эмес, район боюнча билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер жардам берип, 400 миңге жакын акча каражатын чогултуп беришти.

Ошондой эле Аксы райондук билим берүү кесиптик бирлигинин эсебинен 30 миң сом акча каражатын төрагасы С.Камчыбеков тапшырып келди.

13-февраль күнү Рабо эжекенин бооруна операция ийгиликтүү жасалып, өзүнө келгендигин жакын туугандары кабарлап, кол сунуп жардам бергендерге  ыраазычылыгын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Аксы райондук кесиптик бирлик комитети