Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Кесиптик бирлик кружоктору

2022-жылдын 12-17-сентябрында Бишкек шаарында КР Билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитети Билим берүү профсоюзунун Европа Комитети (ЕКПО) жана Швед мугалимдеринин бирикмеси менен биргеликте Кесиптик бирлик кружокторун уюштуруу боюнча тренерлерди даярдоо семинарын өткөрүүдө.

Кесиптик бирлик кружокторун түзүү тарыхы он тогузунчу кылымдын аягынан, жыйырманчы кылымдын башынан башталат. Биринчи кружоктор Скандинавия өлкөлөрүндө, асыресе Швецияда түзүлгөн. Ал кружоктордо угуучулар чакан топ-топ болуп күндөлүк маанилүү маселелрди талкуулоого башкалардын пикирлерин эске алуу менен өзүлөрүнүн көз караштарын билдирүүгө чогулушкан.

Жылдар өтүп кесиптик бирлик кружоктору көп өлкөлөрдүн билим берүү кесиптик бирлигинин иши менен терең айкалышып кетти. Алар өтө ыкчам жана кесиптик бирликтин активдерине гана эмес, кесиптик бирликтин катардаг ымүчөлөрүнө да жеткиликтүү болуп калды, ал ушунусу менен да өтө маанилүү. Кесиптик бирлик кружоктору кесиптик бирликтин окуунун эффективдүү ыкмасы, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын жана алардын мүчөлөрүн маалыматтык камсыздоонун ыкчам каналы да болуп калды.

Кесиптик бирлик кружоктору чынында эле кесиптик бирлик ишинин универсалдуу жана эффективдүү формасына айланды, алар аркылуу бардык деңгээлдеги кесиптик бирлик уюмдарынын алдында турган бир катар комплекстүү милдеттерди чечүүгө болот: республиканын билим берүүсүндөгү акыркы окуялар менен кабардар болот, мугалимдердин жана билим берүүнүн башка кызматкерлеринин кесиптик кызыкчылыктарын жана социалдык-эмгектик укуктарын коргоо боюнча билим берүү кесиптик бирликтин позициясы жана ишмердүүлүгү жөнүндө маанилүү маалыматтарды ала алышат. Кружоктор аркылуу биздин кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн ченемдик-укуктук документтерди үйрөнүүгө, тармактагы бышып жетилген көйгөйлөрдү талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.

Тажрыйба көрсөткөндөй, кесиптик бирликтин мындай формасын колдонуу кесиптик бирликтин баштапкы комитеттеринин жана алардын төрагаларынын ишин жандандырат жана байытат, кесиптик бирлик активин окутуунун сапатына, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатууга оңдуу таасир көргөзөт.

 

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети