Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОшМУга манасчы Жүсүп Мамайдын вариантындагы «Манастын» 8 урпагы камтылган 8 томдугу тартууланды

Кыргыз Республикасынын УИАнын алдында басылып чыккан Жүсүп Мамай вариантындагы «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей» 8 томдугун КРнын УИАнын алдындагы Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун кызматкери Чолпон Субакожоева Ош мамлекеттик университетине тапшырды.

         «КРнын Президентинин астында Жүсүп Мамайдын улуу рухту уланткан манасчылык өнөрүн баалап атайын Жарлыгы чыккан. Мунун негизинде Кыргызстанда Жүсүп Мамай көзү тирүүсүндө  биринчи жолу илимий жыйын өтүп, мында кытайлык окумуштуулар да катышкан. Анда Жүсүп Мамайга «Эл Баатыры» наамы ыйгарылган. Жарлыкка ылайык  «Манастын» 8 урпагын элге жеткирүүдө маанилүү иш-чараларды өткөрүү колго алынып, өткөрүлүп келген. Буга чейин бул томдуктар КРнын Президентине, Жогорку Кеңешке, жети областтын губернаторлоруна, Жазуучулар союзуна, Улуттук китепканага ж.б. жергелерге берилген. Ушул иш чаралардын алкагында өлкөбүздөгү билим, илимдин борбору болгон жогорку окуу жайларга да жеткирүү максат кылынган», -деди Чолпон Субакожоева.

         Кыргыздын баалуу мурасы болуп саналган «Манас» эпосунун томдуктарын кабыл алган ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев кыргыздын көөнөрбөс мурасы болгон «Манас» эпосу мамлекетибиздин ар бир жараны үчүн баа жеткис мурасы экендигин айтып, Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтуна, ошондой эле Чолпон Субакожоева университеттин жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдирди.