Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Маалымат иштери боюнча сынак жыйынтыкталды

2023-жылдын 20-июлунда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан «Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети» республикалык кароо-сынагынын алкагында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ишин социалдык тармактарда чагылдыруу боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды жана аларды сыйлоо аземи болуп өттү.

Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областынын Ноокен (Нышанов К.К.), Сузак (Орозалиев А.Д.), Баткен областынын Баткен ( Зайитов А.А.), Лейлек (Бердиев А.Т.), Ош областынын Кара-Суу (Исраилова Н.А.), Нарын областынын Жумгал (Жамантаева Б.А.), Ак-Талаа (Сатындиев М.Д.) жана Ысык-Көл областынын Тоң (Муратбек уулу Назаркул) райондук, Балыкчы (Керимова К.М.) шаардык комитеттеринин төрагалары жана сынактын жеңүүчүлөрү болгон баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары катышышты.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолуу менен бирге, ар бир райондук, шаардык,  жалпы орто билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары билим берүү кызматкерлеринин социалдык, экономикалык абалдарын жакшыртууга өз салымдарын кошуп, милдеттерин так жана даана аткарышса, биргеликте мындан да жогорку ийгиликтерге жетишерин белгилеп өттү.

Республиканын шаар, областтары боюнча 3944 баштапкы кесиптик бирлик уюмунан сынакка 100дон ашык жалпы орто билим берүү мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары Жобого ылайык 3 шартты аткаруу менен катышышты жана 14 баштапкы кесиптик бирлик уюмдары жеңүүчү болуп табылышты. Жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлоо аземинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук жана шаардык комитеттеринин төрагалары сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктоо менен, сынакты уюштурган кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловго ыраазычылыктарын билдиришти. Мындан ары да баштапкы кесиптик бирлик уюмдары үчүн сынактар болуп турса баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына стимул берип, мотивация болорун сунуштап өтүштү.

Жеңүүчү болгон баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары бул сынак ар бирине дагы дем, күч берерин айтуу менен өз иштерине жоопкерчилик менен мамиле жасоону, бир-бири менен тажрыйба алмашып туруу үчүн WhatsApp группа ачууну сунушташты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети