Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Билим берүү профсоюздарынын Евразиялык эл аралык бирикмесинин X форумунун катышуучулары ОшМУда конокто

Билим берүү профсоюздарынын Евразиялык эл аралык бирикмесинин форумунуна катышуу үчүн келген Түркия, Македония, Казакстан,  Азербайджан сыяктуу мамлекеттерден келген делегаттар Ош мамлекеттик университетинде болушту. Келген конокторду ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков баштаган жамаат тосуп алды. Келген коноктор ОшМУнун музейи менен таанышып, 75 жылдык бай тарыхка ээ университеттин ишмердүүлүгү, университеттин электрондук башкаруу системасы, ОшМУнун Түштүк-Чыгыш кампустарындагы Теология, Медицина факультеттери, Медициналык клиникалары менен таанышышып университет тууралуу тартылган видео-роликке күбө болушту.

“Биздин  форумдун негизги максаты бири-бирибиз менен тажрыйба алмашуу, бири-бирибизге жардам көрсөтүү, биримдик, тилектештик сыяктуу бир багытта иш алып баруу болуп саналат. Форумдун алгачкы күнү биз ОшМУда ишке ашып жаткан алгыктуу иштер менен таанышып, жаңы окуу структуралары, эл аралык байланыштары, биргелешкен факультеттери, клиникалары менен тааныштык. Бул албетте чоң ийгиликтер, мындай иш аракеттерди жасап жаткан ОшМУнун жетекчилигине, жамаатына ыраазычылык билдирем”, - деди Билим берүү профсоюздарынын Евразиялык эларалык бирикмесинин төрагасы Ismail Koncuk.

Белгилей кетсек, аталган форум Ош шаарында 17-18-сентябрь күндөрү иш алып барат.